Жогорку Кеңеште Алтынбек Сулайманов менен Дастан Жумабеков айтыша кетти

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат ЖК Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү 2017, 2018 жана 2019-жылдын бюджетин талкуулоодо бир пикирге келе албай, көпкө чейин анын тартибин талашып-тартышышты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов менен төрага Дастан Жумабеков айтыша кетти.

Эл өкүлдөрү 2017, 2018 жана 2019-жылдын бюджетин талкуулоодо бир пикирге келе албай, көпкө чейин анын тартибин талашып-тартышышты. Айрым депутаттар ар бир жылды өз-өзүнчө карайлы дешсе, кээси үч жылды чогуу кароо керектигин сунушташты.

Депутат Сулайманов үч жылдын бюджети бир келгенден кийин суроо берилгенде бардыгы аралышып кете турганын айтты.

"Чечим кабыл алынып калды, өкмөт үч жылды бирге алып келгенден кийин баары аралашып кеткенге шарт түзүлдү. Урматтуу төрага, өкмөт бул долбоорлорду алып келгенде өз-өзүнчө алып келгиле деп кайтарып жиберишиңиз керек болчу", — деди Сулайманов.

Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина "Атамбаевсиз КСДП" жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылды
Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков бардыгын бир кароого мыйзам жол берерин айтып, ошондуктан ушундай кадамга барганын белгиледи.

Сулайманов "үч мыйзамды бир караш керек деген норма мыйзамда жазылганбы? Сиз ошого жол бергендиктен ушундай болду" деген пикирин билдирди.

"Азыр табло менен кете берели, кааласак, каалабасак деле баары аралышып кетти. Төрага, мындан кийин мындай чогуу алдырбай жүрүңүз. Эмдиги жылга чейин ким бар, ким жок, кудай билет", — деди депутат.

Спикер буга мыйзам жол берерин дагы кайталаганда Сулайманов "жол берет экен деп эле чогуу алдыра бересиңерби?" деп ачууланды.

"Сиз анда өкмөткө адвокат болуп алыңыз. Бардыгы сизден кетти. Азыр бардыгыбызды сиз уруштуруп коюп отурасыз", —деди Сулайманов.

Жумабеков Сулаймановго кайрылып "мени антип күнөөлөбөңүз" деди. Өз кезегинде Сулайманов "күнөөлөйм эле" деп жооп кайтарды.

Депутаттар талашып-тартышып отуруп, акыркы үч жылдын бюджети боюнча маалыматты чогуу угуп, андан кийин гана жазылып суроо бере турган болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0