Депутат Сулайманов: мен азыр "чоң муштум Алтынбек" эмесмин

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК, лидер фракции "Бир Бол" Алтынбек Сулайманов
Депутат ЖК, лидер фракции Бир Бол Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч дипломдун ээси, жети баланын атасы, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов фракциянын абалы, парламенттин иши, жеке сапаттары, адашкан кадрлар, мамлекеттик башкаруудагы мүчүлүштүктөр жана Илмиянов менен болгон мамилеси тууралуу кеп салды.

Алтынбек Сулайманов 35 жашында парламентке депутат болуп келген.

— Алтынбек Турдубаевич, "Бир Бол" фракциясы парламентке келгени шайлоочуларына берген убадаларынын канчасын аткарды?

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
— Бүгүнкү парламент элге берген убадасын аткарууга аракет кылып жатат. Тилекке каршы, бардык эле фракцияларда бул толук кандуу ишке ашпай келет. Себеби фракциялар көпчүлүк коалицияга кошулган. Анда ар кандай көз караштар, түрдүү программалар, төп келишпеген пикирлер бар. Ар бир фракция өз шайлоочуларына берген убадасын өкмөткө аткартууну каалайт. Анан дагы мындай мүмкүнчүлүк бардык эле фракцияларда боло бербейт. V чакырылыштан бери КСДП гана көп мандатка ээ болгондуктан, өкмөттүн негизин алар түзүп, министрлик жана башка көптөгөн кызматтарга өз кадрларын коюп, программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү кенен болуп жатат. Ошентсе да бир да фракция бүгүнкү күндө берген убадаларын аткарып жибергенге жетише элек.

Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган болгондуктан, биздин фракция үч жылдын аралыгында 100гө жакын мыйзамга авторлош болду. Мындан сырткары, VI чакырылыштагы парламент өз ишин жаңыдан баштаганда токтом чыгарып, анын негизинде инвентаризация жүргүзүүнү, башкача айтканда, мамлекеттин бар байлыгын санап чыгууну өкмөткө тапшырдык эле. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин өкмөт аны аткара элек. Биз кийинки айда маселени кайрадан көтөрүп чыгабыз. Жайыттар, көп жылга ижарага берилген имараттар, үлүш жерлер, айтор, мамлекеттин көптөгөн байлыктарын айрым атка минерлер азыр менчигиндей пайдаланып жүрөт. Ошолорду иретке келтириш керек. Мунун ишке ашпай жатканынын бирден-бир себеби бюрократия жана эч бир мамлекеттик орган өзүнө жоопкерчиликти албагандыгы. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт — эч кимиси эч нерсеге жооп бербейт. Бул Башмыйзамдагы чийкилик же бар мыйзамдардын аткарылбай жатышынын кесепети. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынбек Сулайманов: ар бир фракция өз шайлоочуларына берген убадасын өкмөткө аткартууну каалайт. Бирок мындай мүмкүнчүлүк бардык эле фракцияларда боло бербейт.
Депутат Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Сулайманов: ар бир фракция өз шайлоочуларына берген убадасын өкмөткө аткартууну каалайт. Бирок мындай мүмкүнчүлүк бардык эле фракцияларда боло бербейт.

— Мына ошол мыйзамдар ЖК тарабынан жазылат эмеспи. Ушундай башаламандыктын айынан VI чакырылыштагы парламент эле үч өкмөт башчыны алмаштырды. Сандан сапатка качан өтөбүз?

— Орун алмашуудан сумма өзгөрбөй турганын баарыбыз эле жакшы түшүнүп калдык окшойт. Ошол кыска убакыт өкмөт башчы болуп иштеп кеткен эр-азаматтардын баары эле өз элине каршы болбосо керек. Алар да мекени үчүн жакшы нерсе жасап кеткиси келген, тарыхта аты калышын каалаган инсандар да. Демек, бизде башкаруу системасынын туура эместиги, аны алмаштыруу муктаждыгы жаралып отурат. Реформаны ар кандай тармактарда жүргүзүп келебиз. Кайсы премьер-министр келбесин, өз ишин реформадан баштайт. Бири айыл чарба тармагын, башкасы күч түзүмдөрүн же болбосо сот системасын өзгөртүш керек дейт. Жок. Кыргызстан учурда түп-тамырынан бери жаңыланган өзгөрүүгө муктаж. Арменияны алалычы. Кыска убакытта күчтүү реформа жүргүздү. Биз да ошондой чоң-чоң иштерге барышыбыз керек. Мамлекет өзү иштеткенге чама-чаркы жетпеген ишканаларды ижарага берсин. Ижарага берилет дегенден эл коркпосун. Мындан өлкө пайда гана табат.

— Аким, губернаторлорду жоюп салуу керек дегениңиз кандайдыр бир факты, иликтөөлөргө таянган, негизи бар, жогорудагы сиз айткан реформаны жүргүзүүгө багытталган сунушпу?

— Учурда Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Кичинекей өлкө үчүн бул абдан көп. Аларды бириктирип, эки эсеге кыскартыш керек. Бардык мүмкүнчүлүктү өз колдоруна алып, премьер-министр менен түзмө-түз иштешсин. Ошондо ортодогу лента кырккандан башка эч нерсе жасабаган аким, губернаторлордун кереги жок болуп калат. Акимдердин сунуштамасысыз азыр министрлер эч кимди кызматка кое албай калышты. Алар өз туугандарын, партиялаштарын кызматка коюп, районунун ханы болуп алышкан. Айыл өкмөттөр толугу менен акимдерден көз каранды. Акимдин уруксаты жок эч нерсе жасай алышпайт. Кадимкидей эле кабинеттерине алып кирип алып, айыл өкмөттөрүн "пресстеп" өз саясатын жүргүзөт. Район, облус жетекчилерин кыскартуу менен биз бир эле аким, губернатор институттарынан арылбайбыз, РИИБ, облустук, райондук салык, прокуратура жана башка көптөгөн мекемелер жоюлат. Мындай бири-бирин кайталаган мекемелердин бизге таптакыр кереги жок. Өлкөдө жөнөкөй кароолчудан баштап президентке чейин 380 миң мамлекеттик кызматкер бар. 150 миллиард сом бюджетибиз болсо, анын 100 миллиарды эле алардын айлыгына кетип жатпайбы. Биз аким, губернаторлорду кыскартканда жылына аларга маяна катары төлөнчү бир миллиард сомго жакын акчаны үнөмдөп калабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат: кыска убакыт өкмөт башчы болуп иштеп кеткен эр-азаматтардын баары эле өз элине каршы болбосо керек. Алар да мекени үчүн жакшы нерсе жасап кеткиси келген, тарыхта аты калышын каалаган инсандар.
Депутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Депутат: кыска убакыт өкмөт башчы болуп иштеп кеткен эр-азаматтардын баары эле өз элине каршы болбосо керек. Алар да мекени үчүн жакшы нерсе жасап кеткиси келген, тарыхта аты калышын каалаган инсандар.

— Кыскартуулар боюнча айта турган болсок, коомчулукта Кыргызстан үчүн 120 депутат да көптүк кылат деген пикир бар. Сиздин оюңузча, эл өкүлдөрүнүн саны канча болушу керек?

— Туура, кичинекей өлкө үчүн 120 депутат да көптүк кылат. Аны эки эсеге кыскартсак болот. Кыргызстанга өз ишин мыкты билген 60 депутат жетет.

— Анда менде мындай кызык суроо жаралууда. Партиялар талапкерлерди көрсөтөөрдө кандай критерийлерге көңүл бурасыздар? Мисалы, "Бир Бол" фракциясынан шайланып келген Аскарбек Шадиев, Лунара Мамытова жөнүндө эмне айта аласыз? Негизи эле мындай кадрлары үчүн фракция моралдык жоопкерчилик тартабы?

Депутат ЖК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: эмне байлыгым болсо баары декларацияда көрсөтүлгөн
— Ар бир партия катарын толуктап жатканда талапкерлеринин билимине, өз тармагындагы жетишкендиктерине, элге сиңген аброюна, иш тажрыйбасына таянат. Эми кимдин кандай болуп кетээрин биз алдын ала билбейт экенбиз да. Шадиев тууралуу айта турган болсом, ал кишинин соттук иштери менен "Бир Бол" партиясынын эч кандай байланышы жок. Ал биздин катарда депутат болуп келгенге чейинки жасаган иштери боюнча жоопко тартылууда. Фракциядан өзүнүн жазган арызынын негизинде чыгарылды. Шадиевдин колу коюлуп, жазылган арызы конвертке салынып келип түшкөн. Биз баарын мыйзамдын чегинде жасадык. Учурда ордуна кийинки талапкер Эрмамат Тагаев келди. Ал эми Лунара Мамытова боюнча айтсам, албетте, фракция моралдык жактан жоопкерчилик тартууда. Ар бир фракция өкмөт мүчөлүгүнө сунуштаган кадры үчүн моралдык жоопкерчилик тартышы керек. Биз мындан сабак алып, кийинки шайлоодо партиянын аброюна жакшы сөз алып келе албагандарды катарыбызга кошпойбуз.

— Кийинки шайлоого "Бир Бол" ким менен барат?

— Мен кандайдыр бир кызыкчылыктарды көздөп, партиянын алдыга койгон план, максаттарына туура келбеген башка бир топтогу адамдар менен кошула албайм. Эгер ой-максаты биздин программага шайкеш келип, багытыбыз бир адамдар болсо, биригүүгө ар дайым даярбыз. 

© Фото / пресс-служба политпартии "Бир бол"Сулайманов: азыр элдин карызга батып, кредит алып болсо да той өткөрүүсү, мактануусу негизги максатына айланып калды. Буга бийлик тарабынан тыюу салынышы керек!
Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Сулайманов: азыр элдин карызга батып, кредит алып болсо да той өткөрүүсү, мактануусу негизги максатына айланып калды. Буга бийлик тарабынан тыюу салынышы керек!

— Тойлорго мораторий киргизүү керек деп да айтып чыктыңыз эле. Кененирээк токтолсоңуз, элди кантип "той өткөрбө" деп тыя алабыз?

— Мага чейин деле муну көп депутаттар айтып келишкен. Жашоонун мыйзамы ушундай экен, адамдар жакырланган сайын, өзүнө көңүл бурдурууга аракеттенишет. Азыр элдин карызга батып, кредит алып болсо да той өткөрүүсү, мактануусу негизги максатына айланып калды. Буга бийлик тарабынан тыюу салынышы керек! Мамлекет өзү элге үлгү болуп, той-мааракелерди өткөрүүнү кескин азайтып, атайын мыйзамдарды кабыл алып, анын аткарылуусун көзөмөлдөшү зарыл. Бир жылда өлкө 1-2 эле той өткөрсө жетет. Бул ишти өкмөт кийинки жылдан баштап колго алганы турат. 2019-жылы республикалык деңгээлдеги той-аштар болбойт.

Лидер фракции Кыргызстан Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Баатырбеков: маданиятсыздыкты добуш сатып алган депутат көрсөтүшү мүмкүн
— Мамлекеттик башкаруу, реформалар боюнча сиздин сунуштарыңыз башка депутаттардан кескин айырмаланып турат. Кыскартуулар менен Кыргызстанды аз убакытта байытса болот деп ишенимдүү айтып келесиз. Депутаттыкка чейин кайсы мамлекеттик кызматта иштедиңиз эле?

— Мен парламентке 35 жашымда келдим. Ага чейин ишкерлик менен алектенгем. Мамлекеттик кызматкер болуп бир да күн эмгектенген жокмун. Депутаттыктан кетсем деле кайра бизнесимди улантам деген ойдомун. Мамлекеттик кызматка барганга каалоом жок.

— Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун сурак иштеринде бир топ аткаминерлердин, анын ичинде сиздин да атыңыз аталгандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды. Тактап кетсем, депутат Исхак Пирматовдун соттук иштерин сиз Илмиянов аркылуу акча сунуштап "бүтүрүп" бергениңиз айтылат. Буга өзүңүздүн жообуңуз кандай?

— Мунун баары жөн гана каралоо. Менин Икрамжан Илмиянов менен мамилем бар, аны танбайм, бирок айрым адамдарга окшоп өтө жакын санаалаштарынан болгон эмесмин. Башкача айтканда, Илмиянов менен кимдир бирөөнүн маселесин чечип бергенге ортого түшө тургандай жакын эмес элек. Андыктан бул маалымат калп. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат: токтоолук менен мамиле кылып, ачуумду баса билгенди үйрөндүм. Ачууга алдыруу бул чабал адамга мүнөздүү экенин түшүнүп калдым.
Депутат Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Депутат: токтоолук менен мамиле кылып, ачуумду баса билгенди үйрөндүм. Ачууга алдыруу бул чабал адамга мүнөздүү экенин түшүнүп калдым.

— Сизди калк чоң муштум, ачуусу чукул эл өкүлү катары таанып калды. Ошондой эле "каралар" менен байланышы бар деген да сөздөр айтылат. Чын эле байланыштасызбы?

Лидер фракции Республика — Ата-Журт Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган
— Мен жаңыдан депутат болгонумда эмоциямды башкара албай, катуу ачууланып, аным коомчулукка көрүнүп калган жагдайлар болгон. Бирок "көрө-көрө көсөм болот" дегендей, азыр мен такыр башка Алтынбек Сулаймановмун. Токтоолук менен мамиле кылып, ачуумду баса билгенди үйрөндүм. Ачууга алдыруу бул чабал адамга мүнөздүү экенин түшүнүп калдым. Ал эми "караларга" байланыштырган маалыматтарды мен да угуп жүрөм. Өзүм спортту сүйүп, дайыма машыгып жүргөндүктөн мени аларга жакын деп ойлошот го. Болбосо, "каралар" менен дайыма күрөшүп келген менмин. Ушул жашка келип бир да жолу милицияга түшкөн эмесмин, артымда эч кандай кылмыштык ишим жок жана болбойт дагы. Биздин коомдо кичине баш көтөрүп калган адамды эле жамандай бермей бир оору бар. Мен мамлекетти тоноп, уурдаган коррупционер болбосом, өз өлкөмө эч кандай зыян алып келбесем, башка эмне деп жамандай алышат?..

Жаңылыктар түрмөгү
0