Чолпон-Атада түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити башталды

© Фото / Владислав УшаковОзера на территории Кыргызской Республики
Озера на территории Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданият борборунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити башталды. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Расмий жолугушуу болуп, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө башчылары кеңири форматтагы жыйынга киришти.

Саммит Совета сотрудничества тюркоязычных государств - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарына келди
Саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын президенти ИльХам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышууда. Андан сырткары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ардактуу конок катары чакырылды.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлары пландалган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0