БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди.
Мирзиёевди аэропорттон КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды. Өзбекстандын президенти түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышат.
Ошондой эле аталган саммитке катышуу үчүн кечээ, 2-сентябрда кечинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев дагы келип, аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Кубатбек Боронов тосуп алган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мүчө.
Быйыл кеңешке төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.