01:05 24 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Тик учак. Архив

Депутат: КРдин тик учактары согуш болуп жаткан Сомалиге бериле турган болууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
86630

Эл өкүлү мындай документке кол койгон жетекчи жоопко тартылышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандын тик учактары Сомалидеги согуш болуп жаткан аймакка бериле турган болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутат ЖК 6 созыва Каныбек Иманалиев от партии Ата-Мекен. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ЖК КР
Депутат Каныбек Иманалиев

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча очтет угууда.

Депутат өз сөзүндө Кыргызстандын мурдагы премьери тик учактарды согуш болуп жаткан мамлекетке ижарага берүүгө кол койгонун айтты.

"Биздин болгону алты тик учагыбыз болсо экөө иштебейт, экөөнү Америкадан, экөөнү Россиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп жаткан Сомалиге ижарага берүү боюнча кол коюлган. Кыргызстанга бир да акча түшпөйт, каражаттын баары Дубайга түшмөк. Мындан бизге дүйнөлүк беделибизге доо кетти. Согуш болуп жаткан мамлекетке жардам берип жатабыз. Аны биз Россиядан жардамга алгандыктан үчүнчү жакка бергенге укугубуз жок. Ошол кол койгон "Кыргыз курал" ишканасынын жетекчиси жоопко тартылышы керек", — деди депутат.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча териштирүү керектигин айтып, өлкөнүн имиджине шек келтирип жаткан болсо тактоо керектигин баса белгиледи.

Тема боюнча

Абылгазиев: Энергетика министрлигин кайрадан түзүү керек
Абылгазиев: быйыл бюджеттин чыгымы 4 млрд. сомго чейин кыскартылат
Абылгазиев былтыр Кыргызстандын чек арасынын канчасы такталганын айтты
Белгилер:
отчет, өкмөт, Жогорку Кеңеш, Мухаммедкалый Абылгазиев, Каныбек Иманалиев, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ