Медицинада мыкты башкаруучулар жетишсиз! Өкмөт башчы жаңы министр менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с министром здравоохранения Космосбеком Чолпонбаевым
Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с министром здравоохранения Космосбеком Чолпонбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кабыл алып, медицина тармагы кандай реформаларга муктаж экенин айтты.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Учурда саламаттык сактоо тармагында адистер гана эмес, заманбап башкаруучу кадрлар дагы жетишпей жатканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолукканда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевCаламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев
Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с министром здравоохранения Космосбеком Чолпонбаевым - Sputnik Кыргызстан
Cаламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

"Бардыгы эскиче нукта иш алып барып, өзгөрүүлөрдү каалабайт. Ал эми калктын бийликке карата ишеними көбүнесе медициналык тейлөөнүн сапаты менен аныкталат", — деди өкмөт башчы.

Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев вицелердин милдетин бөлүштүрдү. Ким кайсы тармакты тескемекчи?
Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкка болгон алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүүнү күчтөндүрүү, ченемдик-укуктук актыларды толугу менен ревизиялоо — негизги багыт.

Ошондой эле саламаттык сактоо тутумундагы аутсорсинг маселесин карап чыгуу зарыл экени белгиленди.

Ал эми жаңы министр күч-аракетин кадрдык агымды токтотуу максатында аймактардагы медициналык кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоого, саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү үчүн чет элдик гранттарды жана инвестицияларды тартууга жумшай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0