БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путинди биринчи даражадагы "Манас" ордени, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди "Данакер" төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Россиянын президентине бул сыйлык стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана Кыргызстан менен РФтин мамилесин өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн берилген.
Ал эми өзбек президентине болсо Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүк мамилесин түзүүгө кылган жеке зор салымы жана эки мамлектетин достук мамилесин чыңдаганы үчүн ыйгарылган.
I даражадагы "Манас" ордени эң жогорку мамлекеттик сыйлык болуп саналат.