БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьерлик кызматка Даир Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.
Депутаттар Кенекеевдин Талас облусунда иштеген эки жылында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас — Тараз — Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын баса белгилешти.
Эске салсак, Кенекеевдин талапкерлиги жол кырсыгынан каза тапкан Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталууда.