Премьердин ордуна орун басары келери айтылууда. Өзгө эмес, өкмөттөн дешти

© Sputnik / Табылды КадырбековУчурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажолукка аттануу боюнча БШКга арызын берген Сооронбай Жээнбеков мыйзам боюнча кызматын тапшырышы керек

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ордуна биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев барышы мүмкүн. Мындай пикирин саясий серепчи Алмаз Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП партиясы президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөн. 

"Менин оюмча премьер-министр ашып кетсе 1,5 айга гана кызматын тапшырат. Буга байланыштуу жаңы өкмөт башчы деле келбейт. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев анын милдетин аткарып турат", — деди эксперт.

Акматалиев өкмөттүн курамында алмашуу болбойт деген оюн кошумчалады.

Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Арсланбек Малиев президенттикке талапкерлигин койду
Ал эми биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев менен байланышканыбызда өкмөт башчы ишин убактылуу токтотсо милдетин биринчи-вице аткараарын айтты.

"Азыр эми премьер-министрдин президенттикке талапкерлиги съездден колдоо тапты. Анан кызматты тапшырабы же убактылуу токтотобу өкмөт башчынын укугу. Бул тууралуу Фарид Ниязов дагы билдирген. Эгерде кызматын убактылуу тапшырса анда милдетин биринчи вице-премьер аткарышы керек", — деди Абулгазиев.

Ал ошондой эле жогорудагы тартип мыйзамда көрсөтүлгөнүн, алдыда ушундай жагдай болсо мыйзамдын тартиби менен чечилээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0