Экс-депутат дагы президенттикке талапкерлигин көрсөттү

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-депутат Улукбек Кочкоровдун архивдик сүрөтү
Экс-депутат Улукбек Кочкоровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 23кө жетти. Алардын ичинен 20сы өзүн өзү көрсөтсө, үч талапкер саясий партиялардан көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Экс-депутат Улукбек Кочкоров КР президенттигине талапкер катары арызын тапшырганын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кочкоров өзүн өзү көрсөткөн.

Ошентип президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 23кө жетти. Алардын ичинен 20сы өзүн өзү көрсөтсө, үч талапкер саясий партиялардан көрсөтүлгөн.

Маалымат жыйындагы президенттин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент болуунун жол-жобосу. Сценарий
Өзүн көрсөткөндөр: Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов жана Максатбек Жумабеков.жана Улукбек Кочкоров.

Партиядан көрсөтүлгөндөр: Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан) жана Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан).

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0