17:44 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү

Кремль Трамп менен Путин телефондон эмне тууралуу сүйлөшкөнүн жарыялады

© REUTERS / JONATHAN ERNST
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
123221

Мамлекет башчылары тараптардын негизги маселелери тууралуу ой бөлүшүп, эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүү жана турукташтыруу багытында иш алып барууну макулдашты.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын өлкө башчысы Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү жакшы маанайда өттү. Алар терроризм менен күрөшүү, Сириядагы жаңжал жана Украинадагы кырдаал тууралуу кеп кылышты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Дональд Трамп инаугурациясынан кийин Путин менен алгачкы жолу сүйлөшүп жаткандыктан, орус президенти америкалык кесиптешин жаңы кызмат орду менен куттуктады. Буга чейин алар ноябрь айында бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Путин Трамптын шайлоодо жеңиши менен куттуктаган.

Мамлекет башчылары тараптардын негизги маселелери тууралуу ой бөлүшүп, эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүү жана турукташтыруу багытында иш алып барууну макулдашты.

"Россия-АКШ кызматташуусун стабилдештирүү жана эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып баруу боюнча кеп болду", — деп жазылат Кремлдин билдирүүсүндө.

Башчылар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн да белгилешкен.

Дональд Трамп америкалыктар Россияны жана россиялыктарды жактыраарын айтса, Владимир Путин россиялыктар америкалыктарга да ошондой сезимде экендигин баса белгилеген.

Трамп шайлоо алдында бир нече жолу Москва менен "мамилени жакшыртуу" керектигин айтып жүргөн. Ошол эле учурда Кремль да Барак Обама президент болуп турган убакта россия-америка алакасы оор жабыр тартканын жана аны калыбына келтирүүгө убакыт жана олуттуу киришүү керектигин белгилеген.

Путин жана Трамп сүйлөшүү учурунда радикалдуу ислам терроризми менен күрөшүүдө бирге кызматташуу керек экендигин талкуулашты. Орус президенти бул маселени чечүүдө АКШ маанилүү өнөктөш деп эсептейт.

Мындан сырткары, Россия жана АКШ президенттери Жакынкы Чыгыштагы абал жөнүндө, араб-израиль жаңжалы тууралуу сүйлөшүп, иран ядролук программасы жана Корей жарым аралындагы кырдаалды, стратегиялык туруктуулукту талкуулашты.

Эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүнө АКШдан Ак үйдүн аппарат башчысы, вице-президент Майкл Пенс, улуттук коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси Майкл Флинн жана стратегиялык маселелер боюнча кеңешчи Стивен Бэннон катышты.

Путинге чейин Трамп Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен сүйлөшкөн. Андан кийин француз президенти Франсуа Олланд менен байланышка чыккан.

Мындан сырткары, Трамп Австралиянын премьери Малькольмом Тернбулл менен сүйлөшө тургандыгы маалым болду.

Вашингтон Путин менен Трамтын сүйлөшүүсү жакшы маанайда өткөндүгүн белгилеп, аны эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшырутууда "жакшы кадам" болду деп баалашты.

Тема боюнча

WP: Жон Керри Россия менен бир чечимге келүүгө жанталашууда
Меркель немистер АКШга караганда Россияга көп ишенерин моюнга алды
Белгилер:
президент, телефон, сүйлөшүүлөр, Дональд Трамп, Владимир Путин

ЭҢ МААНИЛҮҮ