18:25 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)
9211

Буга чейин бир катар басылмалар сириялык качкындардын кайсы бир бөлүгүн ылгоодон өткөрүү үчүн Кыргызстанга алып келишет деп билдирген болчу.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Согуш болуп жаткан Сирия мамлекетинен качкындардын кайсы бир бөлүгүн ылгоодон өткөрүү үчүн Кыргызстанга алып келүү маселесин иш сапар учурунда президент Алмазбек Атамбаев менен канцлер Ангела Меркель талкуулабайт. Бул суроо жолугушуунун күн тартибине коюлган эмес деп билдиришти Sputnik Кыргызстан агенттигине ТИМдин маалымат кызматынан. 

Буга чейин сириялык качкындардын кайсы бир бөлүгүн ылгоодон өткөрүү үчүн Кыргызстанга алып келишет деген маалыматты бир катар басылмалар жазып чыккан.

Сириялык качкындардын бир катары Кыргызстанга ылгоодон өткөрүү үчүн алып келинип, бул жерден тиешелүү текшерүүдөн ийгиликтүү өтсө, андан кийин Европага жөнөтүлөт деген божомолдор айтылган. Басылмалар, бул долбоор Германиянын финансылык көмөгү менен ишке ашырылат деп маалымдалган.

Ангела Меркелдин эртеңки келиши менен жабыла турган Бишкектин көчөлөрүнүн картасын Sputnik Кыргызстандын материалынан көрө аласыздар>>

Тема:
Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон сапары (18)

Тема боюнча

Атамбаев менен Меркел үч сааттык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
Кыргызстандагы бейөкмөт уюм Аскаровду абактан бошотууну Меркелден суранып жатат
Белгилер:
качкындар, лагерь, Ангела Меркель, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ