Меркелдин эртеңки келиши менен жабыла турган Бишкектин көчөлөрүнүн картасы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белгисин илүү. Архив
Жол белгисин илүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул күзөт кызматы айдоочуларды алдын ала ыңгайлуу маршруттук каттамдарды тандап алууну эскертти.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди. 

Маалыматка ылайык 14-июлда эртең менен саат 8.45тен 9.15ке чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Абдрахманов көчөсү — Фрунзеден Киев көчөсүнө чейин;
  • Чүй проспектиси —Шопоковдон Турусбеков көчөсүнө чейин;
  • Манас — Тынчтык проспектилери — Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин. 
  • Саат 15.00дөн 15.30га чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
  • Тынчтык-Манас проспектиси мамлекеттик резиденциядан тарта ылдый көздөй Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
  • Жибек-Жолу көчөсү — Исанов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
  • Фучик көчөсү — Жибек-Жолу көчөсүнөн шаар чегине чейин. 

Кайгуул күзөт кызматы айдоочуларды алдын ала ыңгайлуу маршруттук каттамдарды тандап алууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0