БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолдун сапаты начар болгондуктан сөгүш берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Жээнбеков аталган жолду оңдоо иштери начар жүргөнүн эске алып, аны аткарган жана ишти текшерген тараптарды зекиген болчу.
Жээнбеков жолдорду оңдоо иштеринин сапатынын төмөндүгү аткаруу бийлигин, өзгөчө транспорт министрлигин коом катуу талкууга алып жатканын айтты. Ошондой эле жолдорду салуу, оңдоо боюнча өткөн тендерлерге да коомчулук нааразы экенин белгиледи.
Айдаров Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолду оңдоого кетирилген кемчиликтер аны жасаган компаниянын эсебинен оңдоло турганын айтты. Министр аталган компаниянын кепилдик каты министриликке келип түшкөнүн кошумчалады.