Жээнбеков Бишкек — Кара-Балта жолунун тендери боюнча транспорт министрин кабыл алды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолду оңдоо иштери. Архив
Жолду оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте депутаттар аталган тендер мыйзамсыз өткөн деген жүйөөлөрүн айтышкан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровду кабыл алып, депутат Дастан Жумабеков көтөргөн тендер маселеси боюнча маалымат алды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна кошумча 500 млн. сом табылды
Эске сала кетсек, буга чейин депутат Дастан Жумабеков парламентте Бишкек — Кара-Балта унаа жолун оңдоо боюнча тендерди башкаларга караганда бир кыйла кымбат сумманы айткан кытай компаниясы утуп кеткенин айтып, териштирүү керектигин билдирген.

Ал билдиргендей, аталган тендерде 70 миллион долларга билдирме берген "China Railway" кытайлык компаниясы жеңип чыккан, ошол эле учурда 54 миллион долларга иш аткарууну сунуштаган "Kocoglu Insaat Sanayi Tarim ve Hayvancilik Ticaret A.S." түрк компаниясы утулуп калган.

"Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоого тендердин өткөрүлүшү боюнча тактоо киргизди. Ал белгилегендей, 2016-жылдын 15-июнунда тендердик комиссия тарабынан талапкерлердин финансылык сунуштары ачылып, бүгүнкү күндө жеңүүчү аныктала элек", — деп айтылат маалыматта.

Тендер 2015-жылдын 15-декабрында жарыяланып, документтерди берүү мөөнөтү 2016-жылдын 9-февралына белгиленген. Ага катышууга 16 компания арыз берген.

Азия Өнүктүрүү Банкынын арыз берген компаниялар боюнча каты 2016-жылдын 10-июнунда келген. Анда тендерге катышкан 16 компаниянын алтоосу Азия Өнүктүрүү банкынын талаптарына жооп берген эмес, дагы бирөө алардын кара тизмесинде болуп чыккан. Калган тогуз компаниянын арызы кабыл алынган.

"54 миллион доллар сунуштаган "Kocoglu Insaat Sanayi Tarim ve Hayvancilik Ticaret A.S" компаниясы тендерге катышууда талап кылынуучу сумманын банктык кепилдик документин көрсөткөн эмес", — деп белгилейт Айдаров.

Жогорку Кеңештин жаңы сайты - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын 250 миң сомго жасалган сайты: депутаттарды онлайн көрүүгө болот
Эскертсек калган компаниялардын бардыгы өздөрүнүн арызында көрсөтүлгөн 1,8 миллион доллары боюнча банктын камсыздоо документтерин көрсөткөн.

Премьер-министр Жээнбеков Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровго өлкөдөгү жолдорду салууга жана реконструкциялоого, анын ичинде Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоого байланыштуу жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0