КСДП премьерликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото
Первый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев отставкага кеткенден кийин анын орду бош болчу.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдогонун депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Турсунбеков: премьерликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлсө, спикер иниси отставкага кетет
Белгилей кетсек, 11-апрелде мурдагы премьер-министр Темир Сариев отставкага кеткенден кийин анын орду бош калган болчу.

Сооронбай Жээнбеков президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгын аркалайт. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектесе, андан мурда өкмөттүн Оштогу ыйгарымдуу өкүлү болуп келген. Анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков — учурда Жогорку Кеңештин төрагасы.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин журналисттерге эгер Сооронбай Жээнбеков премьер болуп кала турган болсо, иниси Асылбек Жээнбеков кызматтан кетиши керектигин маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0