БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эгер премьер-министрликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлсө, анын иниси, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков отставкага кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.
Эскерте кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев кечээ, 11-апрель күнү кызматтан кетерин билдирип, президент анын отставкасын кабыл алган.
"Кыргызстанда эки жогорку бийликти бир туугандардын башкаруусуна жол берилбейт. Ал эми спикерге талапкерди коалиция кийинчерээк көрсөтөт", — деди Турсунбеков.
Муну менен бирге коалиция жетекчиси ЖК төрагалыгына барар-барбасы тууралуу суроону жоопсуз калтырды.