Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем

Жазылуу
Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" борборунда Көчмөндөр модасы – 2021 деп аталган эл аралык фестиваль өттү. Ага 20га чукул өлкөнүн мода тармагында иштеген дизайнерлери катышты.

"WORLD NOMADS FASHION FESTIVAL. ISSYK-KUL 2021" көл жээгинде өткөн көчмөндөр модасы боюнча эл аралык фестиваль көп ийгиликтердин, жакшы иштердин жана кызматташуунун башаты болуп калды.

Неделя моды Burana Fashion Week 2021 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Сулуулардын ажарын ачкан адеми кийимдер. Мода жумалыгынан 13 сүрөт
"Рух Ордо" борборунда ар кыл өлкөлөрдөн келген чыгармачыл адамдар – мода дизайнерлери ой-туюмунан, чебер колунан чыккан эмгектерин тартуулады. Алардын арасынан көчмөндөрдүн философиясын чагылдырып берген мыкты костюмдарды көрүүгө болот.

Кыргызстандан сырткары Казакстандан, Россиядан, Франциядан келген азыркынын уздарынын эмгектери көптөрдү кайдыгер калтырган жок. Модельерлер көчмөндөр дүйнөсүнүн рухун, духун берген жана азыркы заманбап учурдун кийимдерин айкалыштырып, мыкты ансамблдерди алып чыгышты. Фестивалга конок катары катышкандар нукура байыркынын элесин берип тигилген кийимдер аларды бир нече кылым мурдагы дүйнөгө жетелеп алып барып келгендей таасир бергендигин айтышты.

© AP Photo / Vladimir VoroninРоссиялык дизайнер, Тыва Республикасынын Бий жана костюмдар театрынын жетекчиси Ким Донгактын колунан чыккан кийимдер
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
1/12
Россиялык дизайнер, Тыва Республикасынын Бий жана костюмдар театрынын жетекчиси Ким Донгактын колунан чыккан кийимдер
© AP Photo / Vladimir VoroninБереги сүрөттөгү костюмдун автору кыргызстандык дизайнер Алмаз кызы Чолпонай. Автор өзүнүн эмгегинде табият менен эриш-аркак жашоо керек деген чакырык таштаган
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
2/12
Береги сүрөттөгү костюмдун автору кыргызстандык дизайнер Алмаз кызы Чолпонай. Автор өзүнүн эмгегинде табият менен эриш-аркак жашоо керек деген чакырык таштаган
© AP Photo / Vladimir VoroninРоссиялык дизайнер Эльмира Давлетова көчмөндөрдүн руханий дүйнөсүнүн бир үзүмүн учурдагы, заманбап жашоого алып келгенге аракет кылган
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан
3/12
Россиялык дизайнер Эльмира Давлетова көчмөндөрдүн руханий дүйнөсүнүн бир үзүмүн учурдагы, заманбап жашоого алып келгенге аракет кылган
© AP Photo / Vladimir VoroninАлмаз кызы Чолпонайдын кезектеги эмгеги. Көөлгүгөн кийим менен арттагы фон - Ысык-Көл кайсы бир деңгээлде бири-бирин толуктап тургандай
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
4/12
Алмаз кызы Чолпонайдын кезектеги эмгеги. Көөлгүгөн кийим менен арттагы фон - Ысык-Көл кайсы бир деңгээлде бири-бирин толуктап тургандай
© AP Photo / Vladimir VoroninМоделдер кыргызстандык мода чеберлери Назира Айдарова менен Зухра Кемелбекованын эмгектерин көрсөтүп жатышат
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
5/12
Моделдер кыргызстандык мода чеберлери Назира Айдарова менен Зухра Кемелбекованын эмгектерин көрсөтүп жатышат
© AP Photo / Vladimir VoroninБул костюм француз дизайнери Хинт Жюдардын колунан чыккан. Ал Азияда, көгүлтүр көлдүн жээгиндеги эл аралык фестивалда элге тартууланды
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан
6/12
Бул костюм француз дизайнери Хинт Жюдардын колунан чыккан. Ал Азияда, көгүлтүр көлдүн жээгиндеги эл аралык фестивалда элге тартууланды
© AP Photo / Vladimir VoroninРоссиялык чебер Ким Донгактын байыркы көчмөндөрдүн дүйнөсүнө жетелеген кезектеги костюмдары
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
7/12
Россиялык чебер Ким Донгактын байыркы көчмөндөрдүн дүйнөсүнө жетелеген кезектеги костюмдары
© AP Photo / Vladimir VoroninБул костюмга үңүлө караган киши өзгөчө дүйнөгө сүңгүп кирип кеткидей. Бир карасаң туштук, бир карасаң кементайдын, бир карасаң көчмөндөр ааламынын элесин берген, философиялык ой-туюмдарга сугарылган кийимдин автору кыргызстандык дизайнер Алмаз кызы Чолпонай
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
8/12
Бул костюмга үңүлө караган киши өзгөчө дүйнөгө сүңгүп кирип кеткидей. Бир карасаң туштук, бир карасаң кементайдын, бир карасаң көчмөндөр ааламынын элесин берген, философиялык ой-туюмдарга сугарылган кийимдин автору кыргызстандык дизайнер Алмаз кызы Чолпонай
© AP Photo / Vladimir VoroninКоюу тумандан суурулуп келе жаткан сулуулар. Казакстандык дизайнер Жазира Кабаеванын колунан чыккан костюмдар
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан
9/12
Коюу тумандан суурулуп келе жаткан сулуулар. Казакстандык дизайнер Жазира Кабаеванын колунан чыккан костюмдар
© AP Photo / Vladimir VoroninМодель Алмаз кызы Чолпонай дагы эмгегин көрүүчүлөргө алып чыкты
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
10/12
Модель Алмаз кызы Чолпонай дагы эмгегин көрүүчүлөргө алып чыкты
© AP Photo / Vladimir VoroninРоссиялык дизайнер Эльмира Давлетованын көчмөндөр модасы боюнча өткөн Ысык-Көлдөгү эл аралык фестивалга алып келген эмгектери
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате  - Sputnik Кыргызстан
11/12
Россиялык дизайнер Эльмира Давлетованын көчмөндөр модасы боюнча өткөн Ысык-Көлдөгү эл аралык фестивалга алып келген эмгектери
© AP Photo / Vladimir VoroninАлмаз кызы Чолпонайдын дагы бир эмгеги. Жибек жолу, учу кыйырына көз жептеген сапар, кербендин көркүн чыгарган төөлөр... көчмөндөрдүн духу
Всемирный фестиваль моды кочевников в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
12/12
Алмаз кызы Чолпонайдын дагы бир эмгеги. Жибек жолу, учу кыйырына көз жептеген сапар, кербендин көркүн чыгарган төөлөр... көчмөндөрдүн духу
Жаңылыктар түрмөгү
0