https://sputnik.kg/20260203/1099491639.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия Славян университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. Анда маалымдалгандай, отурумда аткарылган... 03.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-03T09:00+0600
2026-02-03T09:00+0600
2026-02-03T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/03/1099491473_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3a8e9edcb133ea016e79a16b89483a1d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия Славян университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. Анда маалымдалгандай, отурумда аткарылган иштердин жыйынтыктары, 2026-жылга карата максаттарды аныктоо жана КРСУнун кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүндөгү ролу талкууланды. КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев университеттин мамлекет, студенттер жана өнөктөштөр алдындагы жоопкерчилигин, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин ролун баса белгиледи. “ Биз КРСУнун бүтүрүүчүлөрүн мыйзамды, өз өлкөсүн жана өнөктөштөрүн сыйлаган, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн иштеген жогорку квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү адистер болот деп эсептейбиз”, - деп айтты ал. Жолугушууда Россиянын президентинин Стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов өз сөзүндө университеттеги учурдагы өзгөрүүлөргө баа берип, анын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер үчүн маанисине токтолду.
Кыргызстанда ыштын калктын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин жыйынында Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков билдирди. Ал дүйнөлүк изилдөөлөр ыш дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө шарт түзөрүн көрсөтүп жатканын белгиледи. "Алсак, биздин өлкөдө балдар арасында аллергиялык ринит 2,5 эсеге көбөйдү", - деди Касымбеков.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргызгидромет кызматы кайсы шаарларда атмосфералык абанын сапатына байкоо жүргүзүп жатканын айтты. Анын айтымында, байкоо жүргүзүү иштери Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларында жүргүзүлүүдө. Бул калктуу конуштарда 14 стационардык пост жана бир автоматташтырылган станция иштеп жатат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда 50 автоматташтырылган датчик орнотулган. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, айрым күндөрү абаны булгоочу заттардын суткалык орточо ченеминен 12 эсеге чейин ашып кеткен учурлар катталган.
"Ала-Арча" жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин өздүк кабарчысы билдирди. Учурда объектте ишке киргизүү-жөндөө иш-чараларынын алкагында техникалык сыноолор жүргүзүлүүдө. Иштерди асма жолдорду долбоорлоо, куруу жана тейлөө боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Doppelmayr компаниясынын инженерлери аткарып жатышат. Бул этапта адистер коопсуздук системаларын акыркы жөндөө иштерин бүтүрүп, асма жолду жүк менен сыноого даярдап жатышат. Ошону менен бирге келечекте асма жолду иштетүүгө жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жооп бере турган адистерди окутуу уюштурулду. Президенттин Иш башкармалыгынан агенттикке билдиришкендей, бардык техникалык жөндөөлөр аяктап, сыноолор ийгиликтүү өткөндөн кийин объект конокторду кабыл алууга толугу менен даяр болот. Асма жолдун расмий ачылышы болжол менен 14-15-февралга пландалууда, бирок так датасы бардык тесттик иштердин жыйынтыгы боюнча кошумча жарыяланат.
Кыргыз-Россия Славян университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. Анда маалымдалгандай, отурумда аткарылган иштердин жыйынтыктары, 2026-жылга карата максаттарды аныктоо жана КРСУнун кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүндөгү ролу талкууланды. КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев университеттин мамлекет, студенттер жана өнөктөштөр алдындагы жоопкерчилигин, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин ролун баса белгиледи. “ Биз КРСУнун бүтүрүүчүлөрүн мыйзамды, өз өлкөсүн жана өнөктөштөрүн сыйлаган, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн иштеген жогорку квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү адистер болот деп эсептейбиз”, - деп айтты ал. Жолугушууда Россиянын президентинин Стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов өз сөзүндө университеттеги учурдагы өзгөрүүлөргө баа берип, анын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер үчүн маанисине токтолду.Кыргызстанда ыштын калктын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин жыйынында Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков билдирди. Ал дүйнөлүк изилдөөлөр ыш дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө шарт түзөрүн көрсөтүп жатканын белгиледи. "Алсак, биздин өлкөдө балдар арасында аллергиялык ринит 2,5 эсеге көбөйдү", - деди Касымбеков.Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргызгидромет кызматы кайсы шаарларда атмосфералык абанын сапатына байкоо жүргүзүп жатканын айтты. Анын айтымында, байкоо жүргүзүү иштери Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларында жүргүзүлүүдө. Бул калктуу конуштарда 14 стационардык пост жана бир автоматташтырылган станция иштеп жатат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда 50 автоматташтырылган датчик орнотулган. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, айрым күндөрү абаны булгоочу заттардын суткалык орточо ченеминен 12 эсеге чейин ашып кеткен учурлар катталган."Ала-Арча" жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин өздүк кабарчысы билдирди. Учурда объектте ишке киргизүү-жөндөө иш-чараларынын алкагында техникалык сыноолор жүргүзүлүүдө. Иштерди асма жолдорду долбоорлоо, куруу жана тейлөө боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Doppelmayr компаниясынын инженерлери аткарып жатышат. Бул этапта адистер коопсуздук системаларын акыркы жөндөө иштерин бүтүрүп, асма жолду жүк менен сыноого даярдап жатышат. Ошону менен бирге келечекте асма жолду иштетүүгө жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого жооп бере турган адистерди окутуу уюштурулду. Президенттин Иш башкармалыгынан агенттикке билдиришкендей, бардык техникалык жөндөөлөр аяктап, сыноолор ийгиликтүү өткөндөн кийин объект конокторду кабыл алууга толугу менен даяр болот. Асма жолдун расмий ачылышы болжол менен 14-15-февралга пландалууда, бирок так датасы бардык тесттик иштердин жыйынтыгы боюнча кошумча жарыяланат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/03/1099491473_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bf65c80678c87dd2aa76adecda1c738b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио