https://sputnik.kg/20260203/1099503448.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Айдоочулук күбөлүк үчүн 10 айлык окуу мөөнөтү көп эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча... 03.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-03T15:00+0600
2026-02-03T15:00+0600
2026-02-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/03/1099503282_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5783e636f03f0c82652f9a7439a3c994.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Айдоочулук күбөлүк үчүн 10 айлык окуу мөөнөтү көп эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо эл менен жолугушууда айтты. Өлкө башчы 10 айлык мөөнөт окутуунун бардык этаптарынан өтүп, экзаменден оңой өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Жапаров бир кишиге үчтөн-төрттөн автомектеп катталганын айтып, арасында аларды туугандарына каттатып койгон мамлекеттик кызматкерлер да бар экенине токтолду. Өлкө башчы буга чейин Кыргызстандагы жеке автомектептердин көпчүлүгү айдоочуларды сапаттуу даярдоого эмес, акча табууга багытталган деген пикирин айткан.
Кыргызстандык ишкерлердин товарларын Россиянын аймагына электрондук соода аянтчалары аркылуу ташып өтүү маселеси жөнгө салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Москвада ЕЭКтин жыйынында макулдашылган жаңы моделге ылайык, товар жөнөтүүдө эки негизги документти гана толтуруу керек. Бул — жүк тууралуу маалыматты камтыган CMR деп аталган документ жана товардык-транспорттук коштомо кагаз. Экономика министрлиги жакында Wildberries өкүлдөрү менен семинар өткөрүп, ишкерлерге документти туура толтурууну үйрөтөт. Өткөрүлүүчү жер жана күнү тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды. Буга чейин Кыргызстандагы тигүү цехтери кыйын абалга туш болгону, тагыраагы, алардын тиккен товарларынын Россияга киришинде көйгөй жаралып жатканы маалымдалган. Маселе менен иштөөгө Экономика министрлигинде штаб түзүлгөн.**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу буга чейин айтылган 500 миң сомго чейинки маяна боюнча кепке түшүндүрмө берди. Орун басар архитекторлук өтө сейрек кесип экенин, алар 6-7 жыл билим аларын белгиледи. Анан да министрликтин 45 кызматкери мамлекеттен маяна аларын, калганын мекеме тапкан акчанын эсебинен каржылай турганын айтты. 500 миң сомго чукул маяна алган адистер көптөр кыла албаган тажрыйбаларды, ыкмаларды билишет. Мисалы, 5000 гектарга чукул жерди топографиялык тартуу иштерин, муну ар ким эле жасай бере албайт. "Мындай маянаны архитекторлор, конструкторлор, технологдор алат. Кыргызстанда сегиз гана технолог бар. Ошолордун көзүн карап отурабыз", — деди Иманакун уулу. Орун басар өзү 64 миң сом гана маяна аларын кошумчалады. Эске салсак, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев аталган ведомствонун кызматкерлери 500 миң сомго чейин маяна аларын айтып, ал коомчулукта көп сөздүн башы болгон.
Быйылтан тарта "Туңгуч" деп аталган онлайн-мектеп иштеп жатат. Бул туурасында Агартуу министрлигинин мектептеги билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди. Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Адис балдар педагогдордун жетектөөсү менен тапшырмаларды аралыктан аткара турганын билдирди. Аталган билим жайы Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын алдында иштейт. Сабактар жалпы билим берген башка мектептердин жүгүртмөсүндөгүдөй эле өтүлүп жаткандыгы кошумчаланды.
Айдоочулук күбөлүк үчүн 10 айлык окуу мөөнөтү көп эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо эл менен жолугушууда айтты. Өлкө башчы 10 айлык мөөнөт окутуунун бардык этаптарынан өтүп, экзаменден оңой өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Жапаров бир кишиге үчтөн-төрттөн автомектеп катталганын айтып, арасында аларды туугандарына каттатып койгон мамлекеттик кызматкерлер да бар экенине токтолду. Өлкө башчы буга чейин Кыргызстандагы жеке автомектептердин көпчүлүгү айдоочуларды сапаттуу даярдоого эмес, акча табууга багытталган деген пикирин айткан.Кыргызстандык ишкерлердин товарларын Россиянын аймагына электрондук соода аянтчалары аркылуу ташып өтүү маселеси жөнгө салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Москвада ЕЭКтин жыйынында макулдашылган жаңы моделге ылайык, товар жөнөтүүдө эки негизги документти гана толтуруу керек. Бул — жүк тууралуу маалыматты камтыган CMR деп аталган документ жана товардык-транспорттук коштомо кагаз. Экономика министрлиги жакында Wildberries өкүлдөрү менен семинар өткөрүп, ишкерлерге документти туура толтурууну үйрөтөт. Өткөрүлүүчү жер жана күнү тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды. Буга чейин Кыргызстандагы тигүү цехтери кыйын абалга туш болгону, тагыраагы, алардын тиккен товарларынын Россияга киришинде көйгөй жаралып жатканы маалымдалган. Маселе менен иштөөгө Экономика министрлигинде штаб түзүлгөн.**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу буга чейин айтылган 500 миң сомго чейинки маяна боюнча кепке түшүндүрмө берди. Орун басар архитекторлук өтө сейрек кесип экенин, алар 6-7 жыл билим аларын белгиледи. Анан да министрликтин 45 кызматкери мамлекеттен маяна аларын, калганын мекеме тапкан акчанын эсебинен каржылай турганын айтты. 500 миң сомго чукул маяна алган адистер көптөр кыла албаган тажрыйбаларды, ыкмаларды билишет. Мисалы, 5000 гектарга чукул жерди топографиялык тартуу иштерин, муну ар ким эле жасай бере албайт. "Мындай маянаны архитекторлор, конструкторлор, технологдор алат. Кыргызстанда сегиз гана технолог бар. Ошолордун көзүн карап отурабыз", — деди Иманакун уулу. Орун басар өзү 64 миң сом гана маяна аларын кошумчалады. Эске салсак, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев аталган ведомствонун кызматкерлери 500 миң сомго чейин маяна аларын айтып, ал коомчулукта көп сөздүн башы болгон. Быйылтан тарта "Туңгуч" деп аталган онлайн-мектеп иштеп жатат. Бул туурасында Агартуу министрлигинин мектептеги билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди. Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Адис балдар педагогдордун жетектөөсү менен тапшырмаларды аралыктан аткара турганын билдирди. Аталган билим жайы Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын алдында иштейт. Сабактар жалпы билим берген башка мектептердин жүгүртмөсүндөгүдөй эле өтүлүп жаткандыгы кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/03/1099503282_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_226c1132fc51bf30c648eb938c7183bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио