Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө

Жазылуу
Көчмөндөр оюндарынын алкагында курулган “Кырчын” этно шаарчысына кадам аттаганда эле элдин өзгөчө кийим-кечеги көзгө урунат. Аралай бассаң, бир нече кылым мурдагы көчмөндөр дүйнөсүнө түшкөндөй болосуң.

Чынында эле чоң жайыктагы кыргыз журтун сүрөттөгөн Кырчын IXX кылымдагы жашоо-турмушту эске салат. Кыргыздын улуттук кийиминен кабары жоктор, ушул жерден көрүп суктанып бүтө албай турган чагы. Шөкөттөп кийингендердин басымдуу бөлүгү аялдар. Алар кийимине эле эмес, чач жасалгасына да өзгөчө көңүл буруп чырайына чыкканын көрүүгө болот. 

Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео
Улуттук кийимчен жүргөн бир эле кыргыздар эмес, башка өлкөнүн жарандары да түрдүү кийим-кечелери менен элдин көңүлүн бурат. 

Бул сүрөт түрмөгүнөн сиз өзгөчө кийими менен Кырчындагы элдин назарына түшкөндөрү көрө аласыз. Ал эми ажайып кыргыз айылын эки мүнөттүн ичинде көргүңүз келсе бул жакка баш багыңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөн элдин жашоосун чагылдырган “Кырчын” этно шаарчасынан шөкөттөп кийип келген улуттук кийим-кечелерди көрө аласыз
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
1/15
Көчмөн элдин жашоосун чагылдырган “Кырчын” этно шаарчасынан шөкөттөп кийип келген улуттук кийим-кечелерди көрө аласыз
© Sputnik / Табылды КадырбековЭгер кимдир бирөө сизге кыргыздардын улуттук кийими жупуну десе ушул сүрөттү көрсөтүп коюңуз
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
2/15
Эгер кимдир бирөө сизге кыргыздардын улуттук кийими жупуну десе ушул сүрөттү көрсөтүп коюңуз
© Sputnik / Табылды КадырбековКооз кийинген кыз-келиндер өздөрү жасаган жана чебер, усталардын эмгегинен жаралган сувенирлерди сатууда
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
3/15
Кооз кийинген кыз-келиндер өздөрү жасаган жана чебер, усталардын эмгегинен жаралган сувенирлерди сатууда
© Sputnik / Табылды КадырбековМурда кыз-келиндер тулку боюн түз кармап жүрүү үчүн ушундай кийимдерди кийишкен
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
4/15
Мурда кыз-келиндер тулку боюн түз кармап жүрүү үчүн ушундай кийимдерди кийишкен
© Sputnik / Табылды КадырбековКесипкөй модель кыздар элечек кийип жүрсө да чачын көмүскөдө калтырбай көркөмүнө келиштирип майда өрүп алганын байкадыңыбы?
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
5/15
Кесипкөй модель кыздар элечек кийип жүрсө да чачын көмүскөдө калтырбай көркөмүнө келиштирип майда өрүп алганын байкадыңыбы?
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлечек — кыргыздардын улуттук баш кийими. Аны аялзаты турмушка чыккандан кийин кийген. Элечек 50 метрге чейинки кездемеден оролуп жасалгандыктан, көчүп-конуп жолдо жүргөндө бала төрөлсө учун кесип ороп же адам каза болсо кепин катары колдонушкан
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
6/15
Элечек — кыргыздардын улуттук баш кийими. Аны аялзаты турмушка чыккандан кийин кийген. Элечек 50 метрге чейинки кездемеден оролуп жасалгандыктан, көчүп-конуп жолдо жүргөндө бала төрөлсө учун кесип ороп же адам каза болсо кепин катары колдонушкан
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимчен жүргөндөрдүн арасынан бир гана кыргыздарды эмес, башка өлкөнүн жарандарынын да кезиктире аласыз
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
7/15
Улуттук кийимчен жүргөндөрдүн арасынан бир гана кыргыздарды эмес, башка өлкөнүн жарандарынын да кезиктире аласыз
© Sputnik / Табылды КадырбековВенгерлердин улуттук колориттеги кийими чыныгы көчмөндөрдүн жүзүн көрсөткөндөй болду
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
8/15
Венгерлердин улуттук колориттеги кийими чыныгы көчмөндөрдүн жүзүн көрсөткөндөй болду
© Sputnik / Табылды КадырбековКурал-жарыгын тагынып, булгары өтүк жана соот кийип жоого бара жаткан жоокерлер
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
9/15
Курал-жарыгын тагынып, булгары өтүк жана соот кийип жоого бара жаткан жоокерлер
© Sputnik / Табылды КадырбековПамир кыргыздары жөнүндө окуп билип жүрсөңүз, бул сүрөттө кимдер көрсөтүлгөнүн жазбай тааныйсыз
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
10/15
Памир кыргыздары жөнүндө окуп билип жүрсөңүз, бул сүрөттө кимдер көрсөтүлгөнүн жазбай тааныйсыз
© Sputnik / Табылды КадырбековЭлечекчен апалар боз үйдүн алдына отуруп алып, жаштыгын эстеп чер жаза ырдашты
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
11/15
Элечекчен апалар боз үйдүн алдына отуруп алып, жаштыгын эстеп чер жаза ырдашты
© Sputnik / Табылды КадырбековШөкүлөнү чоң турмушка аттанып жаткан кыздарга кийгизишкен.
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
12/15
Шөкүлөнү чоң турмушка аттанып жаткан кыздарга кийгизишкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековБалпайган байбиче ат боз атты минип эл-журттан кабар алганы баратканда
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
13/15
Балпайган байбиче ат боз атты минип эл-журттан кабар алганы баратканда
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаргылчак тарткан апалар. Илгери тегирмен чыга электе буудайды ушул буюмдун жардамы менен тартып нан кылып жешкен.
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
14/15
Жаргылчак тарткан апалар. Илгери тегирмен чыга электе буудайды ушул буюмдун жардамы менен тартып нан кылып жешкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековМунун баарын жеринен көрсөңүз эмоцияңыз ичиңизге батпай, жакшы тааси аларыңыз шексиз.
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
15/15
Мунун баарын жеринен көрсөңүз эмоцияңыз ичиңизге батпай, жакшы тааси аларыңыз шексиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0