Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө
Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын алкагында курулган “Кырчын” этно шаарчысына кадам аттаганда эле элдин өзгөчө кийим-кечеги көзгө урунат. Аралай бассаң, бир нече кылым... 05.09.2018, Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын алкагында курулган “Кырчын” этно шаарчысына кадам аттаганда эле элдин өзгөчө кийим-кечеги көзгө урунат. Аралай бассаң, бир нече кылым мурдагы көчмөндөр дүйнөсүнө түшкөндөй болосуң.
Чынында эле чоң жайыктагы кыргыз журтун сүрөттөгөн Кырчын IXX кылымдагы жашоо-турмушту эске салат. Кыргыздын улуттук кийиминен кабары жоктор, ушул жерден көрүп суктанып бүтө албай турган чагы. Шөкөттөп кийингендердин басымдуу бөлүгү аялдар. Алар кийимине эле эмес, чач жасалгасына да өзгөчө көңүл буруп чырайына чыкканын көрүүгө болот.
Улуттук кийимчен жүргөн бир эле кыргыздар эмес, башка өлкөнүн жарандары да түрдүү кийим-кечелери менен элдин көңүлүн бурат.
Бул сүрөт түрмөгүнөн сиз өзгөчө кийими менен Кырчындагы элдин назарына түшкөндөрү көрө аласыз. Ал эми ажайып кыргыз айылын эки мүнөттүн ичинде көргүңүз келсе бул жакка баш багыңыз.
Элечек — кыргыздардын улуттук баш кийими. Аны аялзаты турмушка чыккандан кийин кийген. Элечек 50 метрге чейинки кездемеден оролуп жасалгандыктан, көчүп-конуп жолдо жүргөндө бала төрөлсө учун кесип ороп же адам каза болсо кепин катары колдонушкан