20:25 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Сүрөт

Кол кармашкан, колтукташкан эл башчылары жубайлары менен. Тамшанткан ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
931161
  • АКШнын экс-жетекчиси Барак Обаманын жубайы Мишель менен президенттик кызматтан кетип жаткан салтанат учурунда түшкөн сүрөтү
  • Кытай лидери Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань АКШга жасалган визит учурунда
  • Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева ар дайым кол кармашып жүрүшөт. Бул көрүнүштү коомчулук жакшы кабыл алып, ал тургай социалдык тармакка жарыяланган сүрөттөргө жылуу пикирин жазгандар арбын болгон
  • Сүрөттүн борборунда — жакындан бери дүйнө коомчулугунун көз кырына илине баштаган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана анын жолдошу Зироатхон Хошимова. Кытайдагы эл аралык иш-чара учурунда тартылган ирмем
  • Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана анын аялы Эмине Гвинеяга жасалган сапар учурунда
  • Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэль Макрон жана биринчи айым Брижит Тронье экс-президент Франсуа Олланддын кызматы менен коштошуп жаткан учурунда
  • Колтукташкан жубайлар. Азербайжан лидери Ильхам Алиев жана жубайы Мехрибан Алиева менен
  • Канаданын премьер-министр Жастин Трюдо менен аялы Софи Грегуар Трюдо Монреалдын 375 жылдыгына арналган салтанатта
  • Грузия президент Георгий Маргвелашвили аялы Мака Чичуа менен Австрияга жасалган визити учурунда түшкөн сүрөт
  • Сейрек сүрөт. Германия канцлери Ангела Меркель күйөөсү Йоахим Зауэр менен келе жатат. Сүрөт 2007-жылы G8 саммитинин алкагында президенттердин жолугушуу учурун чагылдырган
  • 2016-жылдын 13-июлу. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй күйөөсү Филипп Жон менен. Сүрөт ал кызматка жаңы отурган учурда тартылган
© REUTERS / John Gress
АКШнын экс-жетекчиси Барак Обаманын жубайы Мишель менен президенттик кызматтан кетип жаткан салтанат учурунда түшкөн сүрөтү

АКШ президенти Дональд Трамптын колуктусу эл көзүнчө күйөөсүнүн сунган колун эки ирет суутту.

Биринчиси 23-майда Израилге жасалган визиттин башталышында болгон. Траптан Трамп экөө түшүп келе жатканда, жигиттик кылып, колунан кармап түшөм деген президенттин колун каккан Меланиянын кылыгы көптөрдүн көзүнө түштү. Ал эртеси, 14-майда Римге келгенде да ушундай көрүнүш кайталанып, анда АКШнын биринчи айымы чачын түздөмүш болуп, колун ала качып, карматпай койгон.

Sputnik Кыргызстан дүйнө лидерлеринин бир катарларынын визит учурунда, эл көзүнө жубайы менен кол кармашып түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Тема боюнча

Рахмондун Трамп менен силкилдеше кол алышканы күлкүгө салды
Меланья жолдошу Дональд Трамптын сунган колун түртүп салды
Трамп баштаган президенттердин кыргыз желегинин алдында түшкөн сүрөтү талкууланууда
Белгилер:
Мелания Трамп, президент, иш сапар, кол, биринчи айым

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ