00:21 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Айылдагы кыз. Архивдик сүрөт

Миллиарддап акча салган мигранттардын кор болгон балдары. Көйгөйдөн арылуу жолу

© Sputnik / Эмиль Садыров
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
1029 0 0

Бишкекте таякеси аркан менен машинага сүйрөгөн баланын окуясынан кийин кайрадан мигранттардын балдарына болгон мамиле, аларды коргоо маселеси көтөрүлдү.

Буга чейин да мигранттардын ымыркай балдары туугандарынын ур-токмогунан каза болгон фактылар удаа-удаа катталган. Мамлекет жылына өлкөгө миллиарддап акча которгон мигранттардын балдарын кантип коргойт? Мындай окуялардын алдын алуу үчүн кандай иштер жасалып жатат? Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин күнгөй-тескейине токтолду.

Кыргызстандан сыртка агылган мигранттар

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын статистикасы боюнча болжол менен 730 миңге чукул кыргыз жараны чет жерде мигрант болуп иштеп жүрөт. Анын ичинен 640 миңи Россияда эмгектенсе, 35 миң жаран Казакстанда, 30 миңи Түркияда жана 15 миңден ашууну Түштүк Корея мамлекетинде иштейт.

Өлкөдө ата-энеси алыста иштеп жүргөн канча бала бар?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды колдоо башкармалыгынын башкы адиси Динара Асанованын берген билдирмесине ылайык, 2019-жылдын биринчи кварталына карата өлкөдө мигранттардын 102 406 баласы катталган. Статистикага ылайык, балдардын көбү түштүк аймакта. Ош облусунда 25 591, Жалал-Абадда 22 226, Баткенде 16 686, Чүйдө 5 776, Ысык-Көлдө 6 920, Нарында 1 490, Таласта 3 310 баланы таштап, ата-энеси иштегени чыгып кеткен.

"2019-жылдын 29-мартында өкмөттүн буйругу менен шашылыш иш чара-планы бекитилип, анын негизинде ИИМ, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү социалдык кызматкерлер менен бирге үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүп, мигранттардын балдарынын санын тактаган. Мындай иштер буга чейин 2015-жылдан бери эле жүргүзүлчү, бирок ИИМдин берген маалыматы боюнча, 2018-жылы балдарга карата зордук-зомбулуктун эң оор түрү көп катталган", — деди Асанбаева.

Кор болгон, көз жумган балдар

ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы 13 бала зордук-зомбулуктун оор түрүнө кабылып, анын тогузу алган жараатынан көз жумган. 2018-жылдын ноябрь айында Бишкекте эки жаштагы бала ооруканага оор абалда түшүп, кийин чарчап калган. Бул наристенин энеси акча табыш үчүн мигрант болуп, баласын курбусуна таштап кеткен. Дос кызы көрсөтмө берип жатып, наристеге кол көтөрбөгөнүн, ал өзү эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин билдирген. Каза болгон баланын апасы курбу кызына арыз жазуудан баш тарткан.

Бул окуядан бир ай өтпөй, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук ооруканасына көгала болгон наристе түшкөн. Бир нече күнгө чейин бала эсине келбей, реанимация бөлүмүндө чарчап калат. Суракка алынган 40 жаштагы аял баланы ага сиңдиси таштап кеткенин айтып, наристе шымына сийип койгону үчүн чыбык менен чаап, чымчып койгонун моюндаган.

Бул ачыкка чыккан фактылар, билинбей кор болгондору канча...

Миллиарддаган акча которгон мигранттардын балдарын мамлекет кантип коргой алат?

Мигранттар жылына өлкөгө миллиарддаган акча которушат. Мамлекеттик миграция кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылы 2 миллиард 685 миллион 270 миң доллар которсо, 2017-жылы 2 миллиард 482 миллион 420 миң доллар салышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев буга чейин парламенттин жыйынында мигранттарды акча которгондо гана эстебей, аларды тооруп жүргөн көйгөйлөрдү чечүү жолун да караштырып, мигранттардын балдарына жатак үйүн куруу сунушун киргизген. Эл өкүлү мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 35 пайызын түзөрүн кошумчалаган. 

Депутат Жогорку Кенеша Сагындык Келдибаев от фракции республика-Ата-Журт на заседании
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев

"Чет жакка кетип жаткандар балдарын чоң ата, чоң апасына, таята-таенесине же жакындарына таштап кетүүгө аргасыз болуп жатат. Аларды окутууда жана тарбиялоодо астейдил мамиле, психологиялык жактан колдоо талап кылынат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери да тартылышы керек. Ал эми Билим берүү министрлиги туура тарбиялоого көңүл бурушу керек. Же мигранттардын балдарына жатак мектебин ачуу зарыл", — деген Келдибаев.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев бул маселени чет мамлекеттердикиндей фостердик үй-бүлө институтун түзүп чечсе болот дейт. 

Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев
© Фото / Айжамал Кондучалова
Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев

"Чет өлкөлөрдө жетим балдар үчүн фостердик үй-бүлө институттары бар. Ал жакка ата-энеси акча төлөп берип, келгенче каратса болот. Мигранттардын балдары жетим эмес, бирок ата-энеси келгиче жетимдей эле жашап калышат. Баланы жөн эле карап койбостон аларга туура тарбия, багыт берип билим алуусун, ден соолугун да көзөмөлдөп туруш керек. Буга фостердик үй-бүлө ылайыктуу. Эгер мамлекет ушундай нерсени колдосо, ага бюджеттен деле каражат бөлүүнүн кажети жок болмок", — деди Шаршеев.

Өкмөт учурда UNICEF менен мигранттардын балдарын коргоого багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Анда "Чет өлкөгө кетип жаткан ата-эне кызын же уулун таштап жаткан кишиге ишеним кат жазып, документти жергиликтүү бийлик органына каттатышы керек" деп жазылган. Ошондой эле ата-эне үч жашка чейинки баласын үч айдан ашык убакытка таштап кете албайт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды колдоо башкармалыгынын башкы адиси Динара Асанова аталган документ быйыл ишке аша турганын айтты. 

"Бул оңой эле жобо эмес, балдардын кодекси. Аны бекитердин алдында туура эмес ката кетирип албаш үчүн пунктуларын, беренелерин жакшылап иштеп чыгууга аракет жасалууда. Мыйзам күчүнө кирсе, ар бир баланы кароо иштеринин 70-80 пайызы ата-эненин мойнуна жүктөлөт. Эгер таптакыр эле аргасыздан сыртка чыккыдай болсо, райондордогу социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кетип жатканын, баланы кимге таштаганын айтып кетүүсү кажет болот. Бул учурда биздин кызматкерлер маал-маалы менен барып баланын абалынан кабар алып турмак", — деди Асанова.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров үй-бүлөдөгү, балдарга болгон зордук-зомбулук маселелерин алдын алып, азайтуу үчүн социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүш керек деп эсептейт. Бул тууралуу министр Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде айткан

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

"Буга чейин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселелери менен жергиликтүү бийлик иш алып барчу. Азыр бул иш биздин министрликке жүктөлгөн. Элестетип көрүңүз, бир райондо 4-5 соцкызматкер иштейт. Бирок бир райондо 100 миң, айрым жерлерде 300 миң киши жашайт. Же унаа бөлүп бербесек, кээ бир айылдар 100 чакырым алыс жайгашкан болсо, беш кызматкер кантип жумушту сапаттуу аткарат? Эсептеп көрсөк, 7000 кишиге бирден соцкызматкер бекитүү керек экен. Андай болсо бизге азыр 1000ге чукул адис зарыл. Анын баарынын айлыгын эсептесек, 164 миллион сом болот. Финансы министрлигине же өкмөткө барсам деле бюджетте акча жок экенин айтат. Бирок аны тапса болот", — деген Кочкоров.

Психолог Кадиян Бообекова баласын таштап чет жакка кетердин алдында ата-эне баланын психологиясы бузуларын эске алышы керектигин эскертти. 

Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Акматалиева
Психолог Кадиян Бообекова

"Мындай үй-бүлө мүчөлөрү социалдашкан жетим үй-бүлө болуп эсептелет. Анткени алар башка бирөөнүн колунда тарбияланууда. Балдарда сагынуу сезими ата-энеси келбей койсо таарынууга өтүп, таарынуудан жек көрүү пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан алыста болгон ата-энелер балдарына телефондон болсо да жакшы сөз арнап туруу керек. Ата-эне баласы үчүн иштеп жүрсө да аны туура жана туура эмес түшүнгөн уул-кыздар бар", — деди психолог.

Мигранттардын балдары үчүн жазылган мыйзам долбоорлор, министр, депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин жүзөгө ашуусуна Sputnik Кыргызстан агенттиги көз салып турат.

Энелери аргасыздан чет жакта иштеп жүргөн балдарды баккан Сокулук районунда кайрымдуулук үйү бар. 24 баланы убактылуу карап, ата-энелик мээрим төккөн Өмүракуновдордун бүлөсү тууралуу баянды төмөнкү материалдан окусаңыздар болот

Тема боюнча

Бишкекте таякеси унаа менен сүйрөткөн баланын учурдагы абалы айтылды
Кыргызстандык мигрант кыздын жан чыдагыс жашоосу. "Айка" тасмасынын трейлери
Белгилер:
коргоо, бала, мигранттар

ЭҢ МААНИЛҮҮ