23:28 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова. Архив

Кайын-журтуна сиңе албай жаткан келиндер же кыргыз кыздары жөнүндө маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
243441

Sputnik Кыргызстандын корреспонденти Асел Минбаева болочокто келин болчу кыргыз кыздарынын бүгүнкү абалы жана бүгүнкү кайненелердин "каары" кандай болорун билип көрдү.

Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова менен маектешүү убагында мен эки себептен улам аябай сүрдөгөндүгүмдү жашырбайм. Чай куюп берип жатканыман улам каада-салтты жакшы билген адам ичинен кандайдыр бир тыянак чыгарып коюшу ыктымал эле. Экинчиден, маегибиз жөн гана бир тараптуу болгон жок. Мен курч учурларды кантип ондоп кетсем деп көп ойлодум. Бирок бул бир аз туура эмес болуп каларын түшүнүп, эчтекени өзгөртпөй берүүнү чечтим. 

— Менин билишимче, сиз кыздар менен иштешесиз, аларды жакшы келин болууга үйрөтөсүз. Буга кантип келип калдыңыз?

— Өзүмдүн каталарым аркылуу келдим. Алар көп эле болду. 36 жашымда жаңы төрөлгөн кызымды апама таштап, бизнес жасоого кеттим. 10 жылдын ичинде жакшы эле иштерди жасадым, бирок балдарымдан ажырап, үй-бүлөмдү бузуп ала жаздадым. 

— Башкача айтканда, аял киши үй бүлө менен карьераны айкалыштырып кете албайт деген турасызбы?

— Албетте! Аял кишинин үй-бүлөдөн башка нерсеге кетүүгө укугу жок. Ал баарын бир убакта айкаштыра албайт. Себеби аял киши аябай сезимтал келет да, эмне менен алектенсе, ошого бүт баш-оту менен кирип кетет. 

Эксперт традиционных знаний Чынара Сейдахматова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова

Ал эми аялдын жан дүйнөсү үй-бүлөдө болушу керек. Эркек жумушту да, жашоону да бирдей алып кете алат, аял анте албайт. Ал эми жан дүйнөдөн чыккан жылуулукту албаган үй-бүлө качандыр бир убакта кыйрайт. 

Карьера жоопкерчиликтүү энелик сезим менен айкалышпайт. Энелик сезим ар кандай: жоопкерчиликтүү да, жоопкерчиликсиз да болушу мүмкүн. Бала төрөп, багуучуга берип, үй жумушчусун иштетип, көп акча таап жатышпайбы. Мен да анте алам. 

— Бирок азыр заман оңой эмес да, көпчүлүк учурда бир эркектин үй бүлөнү багууга алы жетпей жатат го!

— Сага кошулам, бирок аял киши болгон жүктү өз мойнуна илип албай, күйөөсүнө жардам берүүгө болгон аракетин гана жумшашы керек. Нысаптуу болуп, 120 пайызга берилип иштебестен, күйөөсүнүн айлыгын жеткирип, аны аз таптың деп жемелебей жашаса болот. 

Менин кызым, Плехановканы кызыл диплом менен бүтүрүп, турмушка чыккандан кийин карьерасын таштады. Эки балалуу болуп, үйдө алар менен отурат, бала багуучуларга ишенбей койду. 

— Мына, аял эркекке болгон бардык күч-аракетин жумшап, аны менен чогуу ысык-суукту көрүп жашап келди дейли. Бирок эркек маршрутканы лексуска алмаштырганда, аялы анын жаңы кычыраган жашоосуна туура келбей калган учурлар көп эле кездешип жатпайбы…

— Назик, жумшак жана акылдуу аялдан эркек эч жакка кетпейт. Күйөө – бул аялдын материалдык проекциясы. Аял – өзүнүн күйөөсүнүн ички руханий проекциясы. 

Мен салттуу үй-бүлө эмне себептен бекем жана туруктуу болгонун түшүнөм. Себеби үй-бүлөдөгү мамилелер так жана туура аныкталган болчу. Ар биринин өз орду, функциясы, жоопкерчилиги болгон. Бүгүнкү үй-бүлөдөгү көйгөйлөр – бул улуу муундун да, жаштардын да жоопкерчиликсиздигинин кесепети.

— Келиндерге өтсөк. Азыркы кыздардын эң башкы катасы эмнеде?

— Ал негизинен алардын эмес, алардын энелеринин катасы. Биз жыйырма жылдын ичинде балдарды тарбиялоо маданиятын, өзгөчө, кыздарды тарбиялоону такыр эле унутуп калдык. Совет учурунда муну менен пионер, комсомол отряддары алектенчү. Керек болсо, мультфильмдер да тарбияга үндөчү. Азыр анын бири жок. 

Силердин муун баш-көз болчу, багыт берчү эч ким жок, ээн калып калган сыяктуу. Мен кээде силерди көрүп таң калам. Ошондой абалда болсоңор да, жашап кетиштин амалын таап жатасыңар. 

Бирок кыздар азыр эң жаман абалда. Алар ар кандай түстүү журналдарды көрүп жатып, эркектерге карата пайдаланып калуучулук мамиле дегенди үйрөнүп алышты. Аларга жигит ресторанда креветка же мартини заказ кылдыбы — ушул маанилүү. Ал кандай машина — кычыраганбы же жөнөкөйүн айдайбы, ушул маанилүү. 

Азыркы кыздарга материалдык баалуулук биринчи планга чыгууда. Көпчүлүгү жеңил ойлонушат, жакшы өнүккөн эмес, алар турмушка чыккандан кийин машина же креветка менен эмес, адам менен, инсан менен жашарын ойлонушпайт.

Кыздар 25 жаштагы жигиттин элиталык батири, машинасы, аны күтүүгө акчасы бар болсо, аны өзү иштеп таппаганын ойлошпойт. Бул анын ата-энесинин мээнети. Ал эми ушулардын баарын алардын баласы болгондугу үчүн гана алып берген ата-энелердин кылганы да туура эмес. 

Ошентип, зыяндуу "мажорлор" жаралат.! Аларга тийгенден кийин эмнени күтсө болот? Бир үй-бүлөнү билем, анын кызы сулуу жана билимдүү эле, бала бай үй-бүлөдөн болгондуктан эле турмушка чыккан. Жарым жылдан кийин ажырашып кетишти, а кандай шаан-шөкөт менен тийди эле. 

Көпчүлүк кызда эки гана тилек бар: жигит бай жана дөлдүр болушун каалайт. Ал деген жоопкерчиликтүү болуш керек да! Көпчүлүк кыздардын буга башы да оорубайт. Ойлонгондор бар, бирок аз. 

Эксперт традиционных знаний Чынара Сейдахматова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова

Массалык түрдө азгыруулар жүрүп жатат, себеби компаниялар косметикасын, машинасын, батирлерин, ресторандагы кечки тамактанууларын сатышы керек да. Менин таанышым бар, ал кызынын мурду жакшынакай эмес деп кабатыр болуп жүрөт. Андан жакшы адам жасап, ошондой мурду менен бактылуу жашашты үйрөтпөстөн, аны пластикалык хирургга алып барууну ойлоп жатат. 

Сырткы келбетине кабатыр болуп, кирпик, чач, төш чаптап, модалуу жакшы кийимдерди кийип алып, ички дүйнө жөнүндө унутуп калышты. Алар кимдер, эң негизгиси, алар жигиттерге эмне бере алышат? Алар сүйүп, эркектерге назик боло алышабы? 

— Жергиликтүү бир басылма келинде боло турган сапаттардын тизмесин санап өтүптүр. Ал жакта төмөнкүдөй сапаттар бар болчу: биринчиден, мыкты кожойке болуу, экинчиден, үйдү таза жыйноо, үчүнчүдөн, балыктай үн катпоо. 

— Жакшы сапаттардын топтому экен, бирок ушул сапаттар менен гана жашап кетүүгө да болбойт. Заман оор, демек, өзүңдүн үстүңдөн көбүрөөк иштеш керек. Балыктай үн катпоо деген да чындыкка туура келбейт, демек, өз кадырыңа шек келтирбестен, бой сунуп жоош болгонду да билиш керек. Бузукулукка моюн сунбастан, кечиргенди билип, күйөөнүн үй-бүлөсүн, эң негизгиси анын өзүн чын дилден сүйүш керек. 

Азыр келиндин эмес, кайненени образына көңүл буруу керек. Кандай кайнене экени маанилүүрөөк. Мен кыздарды: "Кайнене сизге жакшы мамиле кылат деп күтпөгүлө, силер кадимки салттуу кайненеге туш келесиңер, анан майлуу-сүттүү болосуңар", — деп айтам. Кайнене менен анын кемчиликтерине карабастан, мамиле курууга даяр болуш керек. 

— Заманбап кайнене салттуу кайненеден эмнеси менен айырмаланат?

— Салттуу кайнене эгер келин бир нерсени туура эмес кылса да, ага түздөн-түз айтпайт эле. Жанында турган абысынына да кичинекей балдар аркылуу: "Жеңеңе айтып кой, ал тигини туура эмес жасап койду", — деп айттырышчу. 

Кыргыздар эгер эки аялдын энергетикалык терс агымы бири-бирине туш келсе, бул үй-бүлөгө пайда алып келбей турганын, ал бузуларын билишкен. Ошол себептен терс эмоциялардын агымын бири-бирине багыттоодон алыс болушкан. Ал эми кайната келинге түз кайрылчу эмес, өз сын-пикирлерин жеңеси аркылуу гана жеткирип турчу. Бул теңсинбегендик эмес, өз намысын сактап калыш үчүн ортодогу сый мамилени кармай билүү дегенди түшүндүрчү. 

Кайненелер келиндерди таарынтпашы керек эле. Биринчиден, алар үй-бүлөнүн баалуу генофонду болчу. Экинчиден, жаш келин стрессте болсо, күчтүү эмоционалдык энергияны алып жүрүүчүсү болот, ал үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн да, жамандыгы үчүн да корошу мүмкүн. Жаш аялдын энергиясы укпаган кереметтерди да, көрбөгөн үрөй учурууларды жарата алат. Ошол себептен, кайнене өзүнүн коопсуздугун ойлоо менен жаш келинди урушчу эмес. 

— Азыр келиндерди каалашыңча басмырлоого болот: кош бойлуусуңбу, эмне экен, талаага барып иште. Ооруп жатса да эч ким кабагым-кашым дебейт. 

— Бүгүн биз улуу муундун салттуулугу жөнүндө сүйлөшкөн жокпуз. Салттар тээ бир тоолордун арасында гана сакталып калды, алар жокко эсе. А эгер сүрүштүрө келсек, байыртадан кыргыздар келинге сыпаа мамиле кылышчу, себеби тукумдун сапаттуу уланышы келинден гана көз каранды эле. 

Кыз көпкө чейин тандалчу. Ал тукум гана улабастан, аны жакшыртышы да керек эле. Болочоктогу келиндин түп-тегин сөзсүз сураштырчу. Атайын жеңелер да болгон, алар кыз кантип күлөт, кантип сүйлөшөт, курбу кыздары менен өзүн кандай алып жүрөт — бардыгына көңүл бурушчу, майда-чүйдөсүнө чейин, керек болсо, мисалы, кыздын кулагынын учуна (көнчөгүнө) чейин сынашчу. 

Баатыр төрөп берчү кыздарды издешкен. Бул бардык эле кыздын колунан келбейт. Ал эми кыргыз үй-бүлөсү үчүн баатырдын төрөлүшү өтө маанилүү болгон. 

Эгер кош бойлуу аял бирдеме кааласа, аны кайдан да болсо алып келип берүү салты азыркыга чейин сакталып калган. Сөзсүз алып келип, бериши керек. Талгак келиндин обу жоктугунан эмес, эненин курсагындагы балага бир нерсе жетишпей жаткандыктан болот.

— Азыр, эгер эркек жубайын арткы орундукка отургузбай, жанына отургузса, аны эрки бош, эркек эмес деп аташат. Өзгөчө айылдарда. Бул салттардын серпиндисиби? Илгерки кыргыз үй бүлөлөрдө аял добушка ээ беле?

— Албетте. Эгер ал атка эркек менен катар отуруп, аны менен катар минип жүрсө, ал добушка ээ эмес болгон деп кантип айтууга болот? Кыргыз келиндери басынган абалда болгон деген сөз болбошу керек. 

Бирок, ал өзү да алдыга суурулуп чыкпашы керек. Кыргыз аял күйөөсүн такка отургузушу абзел. Эгер ал антпесе, ал эч качан такка чыкпайт. Аял гана президентти президент кыла алат.

— Анда эмнеге кыздар тойлордо чогуу столдо отурбай, “бер-алып кел” деген функцияны аткарып, бурчта отурушу керек?

— Эгер аялдар эркектер менен бир бөлмөдө отурбаса, анда бул кыргыздын салты эмес, ал исламдыкы. Кыргыздарда боз үйлөрдө бардыгы чогуу отурушкан. Оң тарап — кыз-келиндердики, сол тарап — эркектердики болгон, улуулар өйдөрөөк, кичүүлөр төмөнүрөөк отурушкан. Жаш келинге орун жетпей калышы толук мүмкүн, бирок дасторкондо конокторду улуу келин тейлечү.

Ал эми азыр ислам салттары күндөн-күнгө тереңдеп кирип жатат. Керек болсо, үйлөнүү тойлорду да бөлүп берип жатышат, аз, бирок кездешет. Залга тартма тартышат да, бир тарабында жалаң аялдар, экинчи тарабында – эркектер отурушат. Менимче, бир аз туура эмес жана ыңгайсыз. 

— Конокторго далын салбоо деген да биздики эмеспи? Бул да ыңгайсыз го – чайды көтөрүп, арты менен баскан? Кооптуу дагы. 

— Коюңузчу! Эч кандай кооптуу эмес! Эгер кыз эмне себептен ушинтип жатканын түшүнүп басса, анда эч кандай жаман нерсе болуп кетпейт. 

— Аны кантип түшүнүш керек?

— Эгер коноктун бирине жакпай калсаң, же тескерисинче, өтө жагып калсаң, далың менен бурула койсоң, көз тийип калышы мүмкүн. 

— Айтыңызчы, мурда кыргыздарда конок тосууда ушундай мыйзамдар бар беле? Менин бир тааныш үй-бүлөм бар, орто чарба, бирок анын үйүндө туугандары бир жылдан бери жашап жатышат. Эчтеке да кыла албайсың, алар коноктор да. Бул дагы салтпы?

— Колунан келишинче багышчу. Каякка барасың? Эмне кыласың? Кыргыздарда үй-бүлө деп ата жактагы бардык туугандар саналат. Эгер ал аганын баласы болсо, анда сенин да уулуң. Ал университетте окуп жатса, жатаканада эмес, сенин үйүндө жашоого укуктуу. 

— Бирок дүйнө өзгөрдү го! Анда кандай болуп калат, кимдир-бирөө үйүндөгү туугандарын багыш үчүн күнү-түнү тытынып иштеп, эчтеке айта албаса?! Тамак-аштын баасы болсо күн санап өсүп жатат. 

— Билесизби, чыныгы кыргыз бул жөнүндө ойлонуп да койбойт. Эмнени тапса, ошону көтөрүп келет. Ал эртең ага жетеби же жокпу, эртең балдарымды тойгуза албай калам деп ойлонбойт, баары бир дүйнөнүн тешигин бүтө албайсың. Кыргыздардын жашоого болгон мамилесинде аскетизм бар, бул жашоого болгон туура мамиле деп ойлойм. 

Эксперт традиционных знаний Чынара Сейдахматова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова

— Ошентсе да, кандай болуп калат? Сатуучуга: "Мага эт, жумуртка бер! Менин конокторум бар, бирок акчам жок", — деп айта албайсың да. 

— Адегенде карызга алат, анан коноктор менен чогуу ачка болот. Мен ушундай көп үй-бүлөнү билем, кээде карандай чай менен калышат. Кыргыздарда туугандар арасында математика деген болбош керек. Шаардык тургундар муну түшүнбөйт. Менин балдарым да бир жыл бою туугандарга чыдабайт болуш керек. 

— Дагы бир учур: кээде биринчи баланы чоң апасына жана чоң атасына беришет да, ал дээрлик бир жыл бою өз энесин көрбөйт. 

— Бул салтты бузуу болуп саналат. Совет учурунда кандай болгон: баланы колхозго беришкен, ал энесинен, атасынан өзүнчө жашаган. Бул туура эмес! 

Кыргыздарда мындай болгон эмес. Жаштардын үйү чоң үйдүн жанына тигилген. Улуу муун менен бир үй —үлө болуп жанаша жашашкан. Биринчи бала чоң ата-чоң энесинде көбүрөөк болгон, алар көбүнчө таалим-тарбия берип чонойтушчу, себеби ата-энелери жаш болуп, тажрыйбасыз болушкан, бирок энеден ажыратышчу эмес. 

Азыр жаштар ата-энеден дароо бөлүнүп кетүүнү каалашат. Эгер мүмкүндүк бар болсо, жаңы үйлөнгөн жубайлар дароо өзүнчө жашай баштайт. Бул туура эмес. Келин жаңы үй-бүлөнү сезиши керек. Кыргыздар айткандай, камырдай жуурулуп, көнүшү керек. 

Эгер аял күйөөсүнүн үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү боло албай калса, ал өз балдарын тамырдан кесип салат. Элестетсеңиз, бала – бул алма. Эгер алма бактын тамыры жок болсо, алма ширелүү болуп, бышып жетилеби?

Тема боюнча

Боз үйдөгү нике той — Англияда көчмөн стилдеги үйлөнүү тойлор кеңири жайылууда
Өкмөт бекем үй-бүлө баалуулуктарын жандантат
Белгилер:
кайнене, каада-салт, үй бүлө, кыз-келиндер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ