Ноябрда айрым кыргызстандыктар Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылат. Шарттары

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта "Жуковский"
Первый рейс Москва — Бишкек из нового аэропорта Жуковский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тарта өздөрүн алдын ала Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, өлкөнүн аймагына кире алат.

БИШКЕК, 18-окт. – Sputnik. 2018-жылдын ноябрь айынан тарта Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар “кара тизмеден” чыгарылат. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, Россиянын жогорку жетекчилиги мындай чечимди Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнөн кийин чыгарган. 

Кара тизмеден кимдер чыгарылат?

— Бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандар (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча). Ошондой эле Россиянын аймагында турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калгандар (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча).

Мыйзамдын жогоруда белгиленген беренелерине ылайык, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тарта өздөрүн алдын ала Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, өлкөнүн аймагына кире алат. 

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Россияга каршы санкциялар кыргыз мигранттарына кандай таасир этет
Мындан сырткары, Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузган кыргызстандыктарга “амнистия” каралган. Бул иш-чара 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин уланат. Ага ылайык, Россиянын аймагында мыйзамсыз негизде жашап, иштеп жүргөн КР жарандары 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Россиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу. 

Ал эми төмөндөгү КР жарандары бул жеңилдиктерден пайдалана алышпайт:

— Россиянын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);

— Укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;

— “Россияга кирүү жана андан чыгуу тартиби жөнүндө” №114 федералдык мыйзамдын 27-беренесинин негизинде Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган КР жарандары.

Бул боюнча маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчиликтери менен консулдугунда да кеңири берилмекчи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0