Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДоставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве
Доставка тел погибших кыргызстанок в пожаре в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү маек мигранттардын көйгөйү, чет жерде каза тапкан мекендештердин сөөгүн кыргызстанга жөнөтүү түйшүгү жана чет жерден баар тапкандар тууралуу болмокчу. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Москвадагы Кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун өкүлү, коомдук ишмер Улан Кошматов менен баарлашты.

Киши колдуу болуп, сууга чөгүп же кайсы бир дартка чалдыгып ажал тапкан мигранттардын сөөгүн мекенине жөнөтүү оор түйшүк. Биздин каарман ушундай кырдаалга кептелгендерге жардам берет. Бир сөөктү жиберүү үчүн 60 миң рубль табуу керек. Анан да Кыргызстандын авиакомпаниялары мекендештердин сөөгүн ташыбайт экен.

Былтыр чет мамлекетте эмгектенген мигранттар мекенине 1,319 миллиард доллар которуптур. Ал эми быйылкы беш айда 972,3 миллион доллар жибергени маалым болду. Бирок, кээ бир журтташтар туулган жеринин бир ууртам суусун иче албай дүйнө салып кетүүдө. 2017-жылы чет өлкөдөн 238 кыргызстандыктын сөөгү алып келинген

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлан Кошматов: биз — мигрант эмеспиз, биз — инвесторбуз
Вице-президент общественного объединения Кыргыз биримдиги Улан Кошматов - Sputnik Кыргызстан
Улан Кошматов: биз — мигрант эмеспиз, биз — инвесторбуз

— Улан мырза айтсаңыз, соңку убактарда Россиядан суук кабарды көп укчу болдук. Буга эмне себеп болууда?

— Акыркы айда өлүм көбөйө баштады. Кечээ эле Москванын четиндеги Зеленоград шаарчасында токтогулдук мекендешибиз каза болуп сөөгүн жибердик. Ал эки-үч жылдан бери көчө шыпырып иштечү экен. 26-июлда эки тааныш киши менен менен ичимдик ичип отуруп жаңжалдашкан. Алардан таяк жегенби же катуу жыгылып калганбы реанимацияда беш күн жатып каза болду. Мекендештерден каражат чогултуп сөөгүн жөнөттүк. Ошол эки киши азыр шектүү катары изделүүдө. Андан мурдараак сууга чөгүп үч бала каза болду. Сузактык жигит достору менен көлгө барып чөгүп кетиптир. Мен документтерин даярдап, айылдаштары акча жыйнап сөөгүн жибердик. Анын экинчиси сууга катуу секирген экен моюну кайрылып жан таслим болду. Үчүнчүсү да сууга түшүп жатып эле чөгүп кеткен.

— Эгер киши каза болуп калса сөөгү мекенине жеткенге чейин кандай иштер жасалат?

— Алгач элчиликке барып паспортундагы маалыматтарды орусчага которттурабыз. Эгер киши колдуу болсо Тергөө комитетинен, милициядан уруксат кагаз алып келип анан өлүкканадан алып чыгабыз. Сөөк ташуу боюнча атайын кызматын унаасы аэропортко жеткирип берет. Алардын акысы, учактын билетине кошулуп 37 миң рубль болот. Маркумдун туугандары өзүнчө билет алат.

Маркумдар жайгаштырылган жай соттук жана жөнөкөй өлүккана деп экиге бөлүнөт. Соттук өлүкканага 15-35 миң, жөнөкөйүнө 12-25 миң рублге чейин төлөйбүз. Алар сөөктү дарылап, катырып, ороп даярдап беришет. Баарын кошуп эсептегенде маркумду мекенине жеткирүүгө 60 миң рубль кетип калат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Миграция кызматы чет жакта каза болгондорго 50 миң сомдон берүүдө. Ал акчаны Кыргызстанга барганда туугандары документин тапшырып алышат. Ушуну сөөгүн жөнөтүп жатканда эле эртерээк берсе жакшы болмок. 

© Фото / Эркин УбайдуллаевКошматов: Москвада каза болон кишинин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн 60 миң рубль кетет
Вице-президент общественного объединения Кыргыз биримдиги Улан Кошматов - Sputnik Кыргызстан
Кошматов: Москвада каза болон кишинин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн 60 миң рубль кетет

— Сөөктү жеткирүүдө тоскоолдуктар жаралбайбы? Балким,  мамлекеттен кандайдыр бир жеңилдиктерди сурайсыз?

— Жайында авиабилеттин баасы аябай кымбаттап кетүүдө. Шашылыш түрдө учайын десең 30-40 миң рубль. Каза болгон кишинин сөөгүн эки-үч тууганы алып кетет. Алардын билети эле 100 миңге жетип жатпайбы?.. Дүйшөмбү, шейшемби күнү маркумду Бишкекке жибере албайбыз. Себеби бул күндөрү сөөк ташыган "Урал аба жолдору" жана "S7" авиа компаниясы каттабайт. Эгер жума күнү көз жумса ишемби, жекшемби өлүккана иштебейт. Ошентип сөөгү шаршемби күнү барат. Өкүндүргөнү — Кыргызстандын "Эйр Манас" жана "Авиатрафик" компаниялары сөөк ташыбайт. Өкмөт ушуларга талап койсо болмок. Мисалы, Такжикстандын улуттук авиакомпаниялары арзан баада 23 миң рублга алып кетет. Биздики 37 миң рубль болууда. Кээде билеттин кымбаттыгынан сөөк жибере албай калабыз. Мисалы, кечээ сузактык баланын ата-энесине билет карасак,  42 миң чыгып кетиптир, эртеси 20 миң рублга алдык.

— Каза болгон мекендештерге кандай жолдор менен акча чогултасыздар?

Тула облусунун Заокский районуна барып, аталган жерде курулуп жаткан кыргыз айылы - Sputnik Кыргызстан
Москвадан алыс эмес жердеги кыргыз айылы курулбай калабы? Элчиликтин жообу
— Айылдык, райондук фондулар аябай көп ачылган. Бүгүнкү күндө Москвада 50дөн ашуун коом бар. Жердеши каза болсо өздөрү эле акча чогултуп сөөгүн жөнөтүп коюшат. Эгер эч кими жок болсо мага кайрылат. Атайын эсеп ачып акча чогултабыз. Өтө оор дартка кабылгандарга да ушундай жол менен топтойбуз. Мисалы, Чыңгыз Анарбек уулу кырсыктаганда деле ушинтип чоң жардам болду. Айрым учурда эл өзү чогултуп келип эле жакындарына берип коёт. Мындан сырткары былтыр "KG горячая линия RUS" деген түз байланышын ачканбыз. Кырсыкка кабылгандар кайрылып ыкчам жардам алып турушат.

Бул жакта ынтымакташып, мекендештерине жардам берип кызмат кылган адамдар көп. Ошолорго мамлекет бир грамота, медалдарын аябай берип койсо жакшы болмок. Өлгөндөн кийин мактагандын  эмне кереги бар. 

© Sputnik / Эркин УбайдуллаевКошматов: Россияда жашаган жерине карата каттоого туруу мыйзамы чыкканы мигранттарды катуу ойго салды
Вице-президент общественного объединения Кыргыз биримдиги Улан Кошматов - Sputnik Кыргызстан
Кошматов: Россияда жашаган жерине карата каттоого туруу мыйзамы чыкканы мигранттарды катуу ойго салды

— Бөтөн жерге барганда алардын кандай мыйзамы болбосун баш ийүүгө мажбурсуң. Учурда мигранттардын эң олуттуу көйгөйлөрү эмнеде болууда?

— Россияда жашаган жерине каттоого туруу мыйзамы чыкканы мигранттарды катуу ойго салды. Үч бөлмөлүү үйдө 15 адам жашаса алардын беш-алтоо эле каттоого тура алат да. Калганы каякка барат? Тапкан айлыгын эле батирге берип отура береби? Мындай мыйзам июль айында күчүнө кирген. Текшерүүлөр катуу башталды. Биз ЕАЭБдин курамындабыз өкмөт башчы сүйлөшүү жүргүзүп ушул маселени чечип берсе жакшы болмок.  Мекендештерибизге жеңилдик кылуу максатында ишкер  Асылбек Муратбеков  Москва шаарында 400-500 адам бата турган эски жатакананы ижарага алып оңдотуп жатат. Ошол бүтүп калса ар бирин каттоого коюп жашата берсек болот.

— Эч кимден айлык албасаңыз дагы коомдук иштер менен алектенип калышыңызга эмне түрткү болду?

— Москвага 2002-жылы Ички иштер министрлигинде иштеп жатканда бир айга эмгек өргүү алып келгем. Ал жакта айлыгым 800 сом болчу. Бул жакка келип бир айда 100 доллар тапкам. Анан кайра барып жумуштан чыгып, бул жакка келе бергем. Анын үстүнө атабыз 15 жашымда каза болуп, апам беш баласы менен жалгыз бой калган. Мен үйдүн улуусу болгондуктан иштешке туура келди. Азыр бул жакта үйлөнүп-жайланып беш баланын атасы болдум. Ушул балдарым "Уландын уулумун" деп сыймыктанып жүрсүн деп артымдан из калтырууга аракет кылам. 

© Фото / Эркин УбайдуллаевКошматов: көп кыйынчылыкты көрүп чоңойгом. 15 жашымда атам дүйнөдөн өтүп кетип, апам беш баласы менен жалгыз калган
Вице-президент общественного объединения Кыргыз биримдиги Улан Кошматов - Sputnik Кыргызстан
Кошматов: көп кыйынчылыкты көрүп чоңойгом. 15 жашымда атам дүйнөдөн өтүп кетип, апам беш баласы менен жалгыз калган

— Канткен менен үйдүн кожоюну бала-чака багыш керек да. Каражатты кайдан табасыз?

— Учурда курулуш тармагында иш алып барам. Эгер жанымды бага албасам эч жакка аралаша алмак эмесмин да. Кичинемде көп кыйынчылыкты көргөм. Москвада дагы жаман-жакшыны баштан өткөрдүм. Биринчи келгенде күзөтчү болуп иштедим.  Москвадагы кыргыздардын диаспорасынын мурдагы жетекчиси 2005-жылы Асылбек Муратбеков деген агабыз менен таанышып жардамчысы болуп жүрдүм. Ошол эле учурда ИИМдин Россиядагы өкүлүнүн жардамчысы болуп көп иштерди бүтүргөнбүз. Учурда ММА жана понкратион федерациясынын Россиядагы өкүлү, Москвадагы кыргыз диаспорасынын Жаштар жана спорт комитетинин төрагасы болуп иштеп жатам. Ал эми "Кыргыз биримдиги" коомунун милдети — мекендештерге ар тараптан жардам берүү. Соттук иштерге, милицияга түшүп калса, ооруга чалдыкса, өлүм-житим болгондо көмөктөшөбүз. Ошондой эле Кыргыздын алыш күрөшү боюнча мелдешти Москвада жыл сайын уюштуруп келебиз. Эки жылдан бери 9-майда кыргыздар чогулуп "Өлбөс полкко" катышып жатабыз.

— Ал жактагы мекендештердин кандай жүрүм-туруму жүрөгүңүздү өйүп келет?

Россия Федерациясынын миграция кызматынын кызмамткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтин миграция мыйзамына өзгөртүү кирди. Кыргыз мигранттарга тийгизчү таасири
— Россия бизди багып жатканы чын, бирок көбүнүн жашоосу бузулду. Жубайы айылда калса, күйөөсү бул жакта бирөө менен жашап алып же тескерисинче аялы башкага турмушка чыгып кетет. Айрым кыздар да "эркиндикке чыккан". Өзүнүн жеке жашоосу деген менен намысты сакташыбыз керек да. Ата-энелер кыздарын жөнөтүп коюп акча салганына сүйүнүп отуруп калбай туугандарына, ишеничтүү адамдарга жакшылап дайындаса. Бирөө жакшы сүйлөсө алданып, жашап алат да бир айдан кийин ар жолдо калат. Боюнда болуп калса андан жаман… Бул маселе кашкайып турат, бирок чечүү кыйын. 26 жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо сунушун көтөрүп жаткандарды колдомокмун. Бирок 23 жашка чейин кылса, анткени эркек балдары жок же баласынын жашы жете элек үй-бүлөлөр болот да. 

— Азыр Россиядагы кыргыздар көбүнчө кандай жумуштарда эмгектенишет?

— Соода-сатыкта, курулуш тармагында, ресторан, дүкөн, соода борборлордо иштешет. Эгер япон ашканаларына кирсеңиз кызматкерлеринин 90 пайызы кыргыздар. Көчө шыпыруу, жүк түшүрүү сыяктуу кара жумуштарда иштегендер азайып калды. Масалы, өзүм көрүп жүргөн дос-туугандарым жогорку окуу жайды бүтүп келип көчө тазалап иштешкен. Азыр курулуш материалдарын сатуу менен менен алектенишет. Кыздар сулуулук салондорун ачып, эркектер такси компанияларын негиздеп жана таксист болуп жакшы киреше табууда. Бир эле таксист күнүнө 2000ден 5000 рублга чейин табат. 

© Sputnik / Эркин УбайдуллаевКошматов: эки жылдан бери 9-майда кыргыздар чогулуп "Өлбөс полкко" катышууда
Вице-президент общественного объединения Кыргыз биримдиги Улан Кошматов - Sputnik Кыргызстан
Кошматов: эки жылдан бери 9-майда кыргыздар чогулуп "Өлбөс полкко" катышууда

— Ошол эле учурда Россиядан баар тапкандар да көп болсо керек. Кээде чекесин угуп калам…

— Жеке бизнесин өркүндөткөндөр толтура. Чоң-чоң компанияларда менеджер, директор болуп, курулуш тармагында ишкердик кылып, чакан дүкөндөрдү ачып, тигүү цехин негиздеп кол алдында 50-60 адамды иштеткен кыргыздар бар. Ушул жактан үйлүү болуп, той өткөрүп, аттарды алып келип улак чаап жатышат. Жетишкендиктери ого эле көп. Мындан 10 жыл мурда колуна шыпыргы кармап көчө тазалап жүргөндөр, азыр костьюм-шым кийип, галстук тагынып чоң компанияларда иштеп калышкан. Кыргыздардын 60га жакын кафе, рестораны, 50дөй медициналык борбору ачылган. 30дан ашуун спорт клубдар бар. Анда машыккандар Дүйнө чемпионатына чейин барып алдыңкы орундар ээлеп жаткан учурлар бар. Ушунтип кете берсе, мекендештерибиз жакында Россиянын Мамлекеттик думасында, Тергөө комитетинде, Прокуратурада дагы иштеп калат. Бирок, 12 мүчөбүз соо болуп,  мекенибизге барып кызмат кылсак деп тилейбиз. Анткен менен мамлекеттибиз оңолмоюнча барыш кыйын. Мисалы, мен эртең болсо да кетип калам, бирок ал жактан 10-12 миң сом айлыкка үй-бүлөмдү кантип багам?

— Эркин микрофон…

— Алыста жүрөбүз мусапырбыз. "Биз — мигрант эмеспиз, биз — инвесторбуз" деп дайым айтам. Себеби, биз мамлекетке, үй-бүлөбүзгө салым кошуп жатабыз. Өлкөнү башкаргандарга ыйман тилейм. Мекенибиз тынч болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0