ЖМК: Москвада муунтуп өлтүрүлгөн кыргызстандыктын сөөгү табылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на людей
Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган фактынын чоо-жайын текшерип жатат

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы Д.Рогачев атындагы балдардын гематология борборунун жанынан муунтуп өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылганын "Москва" маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булакка таянуу менен билдирди.

"26-сентябрь күнү кечинде Самора Машел атындагы көчөдөн 33 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгү табылган. Анын мойнунда тактар калган, андыктан ал муунтуп өлтүрүлүшү мүмкүн. Маркумдун сөөгү өлүкканага жиберилди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган фактынын чоо-жайы текшерилип, бул боюнча юрист иштеп жатканын билдирди.

"Аталган факты боюнча иш алып баруудабыз. Каза болгон киши чынында эле Кыргызстандын жараны болуп чыкса расмий маалымат таратылат", — деди элчиликтен.

Учурда аталган факты боюнча тергөөчүлөр иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0