Миллиондордун башын жеген долбоор. Үмүттү актабаган "XXI кылымдын кадрлары"
Миллиондордун башын жеген долбоор. Үмүттү актабаган "XXI кылымдын кадрлары"
Бул ирет биздин материал ата мекендик билим берүүгө арналып, уу-дуу болуп, ызы-чуу менен коштолгон "XXI кылымдын кадрлары" мамлекеттик программасы жөнүндө сөз болот.
Элдик толкундоолордо Ак үйдүн терезесинен учкан, өрттөлгөн кагаздар өлкөнүн келечегине кандай таасир эткенин, элдин каймагы болчу жаштар каякта жүргөнүн кеңири кеп кылабыз.

Союз тараган 90-жылдардын башында кыргызстандыктар эптеп-септеп күн көрүп, "өлбө жаным, өлбө" деп тиричилигин жүргүзүп жаткан кез эле. Жаңы эле эгемендүү болгон республикада түрдүү жараяндар биринин артынан бири жарыяланып, экономика мышык ыйларлык абалга кептелген. Карапайым эл кара курсактын айласын гана издеп базарга чуркаган. Ал кыйын кезең мекендештерибиздин көбүнүн азыркыга чейин эсинде.
Мындай жагдайда маданият, медицина, билим берүү тармагындагылар кол куушуруп отуруп калган. Мектепти аяктап жаткан кыздар, балдардын ата-энелери бүтүрүүчүлөрдү борбор калааны кой, айылдан бир нече чакырым алыс турган шаарга окууга жиберүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Шыгы, жөндөмү бар бир топ жаштар ал жылдары элеттин көйгөйү менен баш катырган.
Жаштарды шыктанткан программа
Жаштарды шыктанткан программа
Кыргызстанда 1995-жылы "XXI кылымдын кадрлары" президенттик программа иштей баштап, чет өлкөдөн билим алууну кыялдангандарга жол ачылат. Ага биринчилерден болуп Талант Султанов өтүп кетет. Бишкекте 1-курста окуп жүрүп океандын ары жагынан жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо уулун ата–энеси кантип узатууну билбей далбастап калган эле. Жаш жигиттин жакындары бир койду Таластын мал базарында сата албай, Казакстандын Таразына чейин алып барган. Ал жактан да аларман чыкпай, койду союп этин сатууга аргасыз болгон. Акчасына кийим-кече алып Талант Америкага жөнөгөн.
Талант Султанов
1995-1999-жылдары Сан-Франциско университетинде эл аралык мамилелер боюнча билим алган
"Анда аябай жаш болчубуз, мен 16 жашта элем. Колубузга келген мүмкүнчүлүктүн маанилүүлүгүн, масштабын толук аңдап биле элек кезибиз. "Америкага жөнөтүшөт" деп эле кубанганбыз. Биз эгемендүү Кыргызстандын чет өлкөгө окууга кеткен алгачкы жүзү элек. Ошол жылы Кыргызстан эл аралык университетинде 1-курста окуп жүргөм. Биздин университет Сан-Франциско университети менен өнөктөш болуп, ортодо студенттерди алмашуу программасы да бар эле. Ошондуктан ал жакка бюджеттик негизде баруу мен үчүн кыйла жеңил болгон. Квалификациялык сынактан өтүп англис тилинен дил баян жазгам. Талапкерлер бир нече сынактан өткөнбүз. Шарт боюнча стипендиант кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөшү керек болчу. Мен маектешүүдөн өтө албай калгам. Себеби орус мектепте, орус бала бакчада тарбиялангандыктан кыргыз тилинен кыйналгам. Ага карабай комиссия мага сырттан билим алууга уруксат берген".
Ал жылы Кыргызстандан АКШга 15 стипендиант кетет. Алар менен президент Аскар Акаев өзү жолугуп, каалоо-тилектерин айтып, батасын берип узаткан.

Ошентип, Талант өзү курактуу беш бала менен Сан-Франциского учуп барып, бир нече ай Американын жашоосуна көнүү үчүн атайын программадан өтөт. АКШда билим алуусун улантып шак эле экинчи курска кирген. Бирок 1998-жылы кичи мекенине каникулга келген учурда президенттик администрациядан "мындан ары окууңардын акчасын төлөй албайбыз" деп жаштардын шаабайын суутат.
"Ал жылы дүйнөлүк экономикалык каатчылык Кыргызстанга да таасир эткен. Бизди сыртка жөнөткөндөр "Кыргызстандан окууңарды уланта аласыңар же тобокелчиликке салып өз алдынча кайра кетсеңер болот" дешкен. Менин окууну аякташыма бир жыл эле калган. Ошондуктан бир нече бала Сан-Франциского кайра барганбыз. Өзүбүз каржы булагын издешибиз керек болуп, университеттин администрациясынан окуубузду бүтүп алалы деп жалдыраганбыз. Дагы жакшы, Кыргызстан эл аралык университетинин ректору Асылбек Айдаралиев атайын учуп келип, биз окуган университеттин жетекчилиги менен жолугушуп, акысыз билим алууну сүйлөшүп берген. Өзүбүз баскан-турганыбызды жапмакпыз. Ал кезде контракт 12 миң доллар болчу, мен үчүн ал аябай чоң акча эле", — деп эскерет Султанов.
Мындан улам жаш жигит күндүз университеттин эл аралык бөлүмүндө иштесе, түнкүсүн ресторанда идиш жууп, официант болуп жүрүп дипломдук ишин ийгиликтүү коргогон.
Талант 1999-жылы Кыргызстанга кайтып келип жогорку окуу жайда мугалим, президенттик администрацияда жооптуу кызматкер болуп иштеген. Андан сырткары, Вашингтондогу Бүткүл дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында жана Алматы шаарындагы Борбор Азия боюнча кеңсесинде эмгектенип, андан соң КРдин Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, премьер-министрдин кеңешчиси болот. Учурда ал Кыргызстандын интернет тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен алектенип келет.
Акаевдин жеке көзөмөлүндө болгон
Акаевдин жеке көзөмөлүндө болгон
Аскар Акаевдин президенттик программасынын аркасы менен жаштардын эл аралык билим берүү программаларына катышууга, жергиликтүү адистердин дүйнөдөгү алдыңкы илимий мекемелерде кесипкөйлүгүн жогорулатууга, идиректүү балдар-кыздарга колдоо көрсөтүлмөк.

Ошондой эле чет мамлекеттер, уюмдар жана долбоорлор менен билим берүү жаатында кызматташуу да каралган. Тунгуч ажонун көздөгөнү боюнча бир нече жылдан кийин Кыргызстандын жаш интеллигенциясы пайда болуп, алар мамлекеттик башкарууга келишмек. Аталган программанын стипендианты болуу көптөгөн жаштардын кыялы эле.

Программа өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө болуп, ага байланыштуу маанилүү чечимдер Ак үйдө кабыл алынган. Уюштуруу иштери менен атайын катчылык алектенсе, президенттин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиясы талапкерлерди тандаган. Аталган комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары Осмонакун Ибраимов демилгени ишке ашыруудагы алгачкы аракеттер 1993-жылы эле башталганын айтат.
Осмонакун Ибраимов
Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы, КР президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын биринчи орун басары болуп иштеген
"XXI кылымдын кадрлары" мамлекеттик программасы боюнча алгачкы аракеттер 1993-жылы башталып, ал стратегиялык долбоор болгон. Анын негизинде жакшы окуган балдарды сыртка билим алууга жөнөтүп, интеллекти жогору, билимдүү интеллигенцияны тарбиялоону көздөгөнбүз. Ал кезде республикада социалдык-экономикалык абал өтө начар болчу. Кыздар-балдардын көпчүлүгү чет өлкөнү кой, борбор калаага келип билим ала алышчу эмес. Чындыгында, ал жылдары кыргыз жаштарынын сырттан билим алып жатканына кубанганбыз. Программа Аскар Акаевдин жеке көзөмөлүндө болуп, стипендианттарга батабызды берип жолго узатчубуз. Окууга кеткендер менен дайым байланышта болуп кат алмашып, бааларын университеттерден суратып турчубуз. Зарыл болгон учурда стипендианттардын майда-барат маселелерине чейин аралашчубуз", — деди Ибраимов.
Чет өлкөгө жаштардын көпчүлүгү маалыматтык технологияларды, укук, каржы, чет тилдерди өздөштүрүү үчүн жиберилип, техникалык адистиктерге басым жасалган. Стипендианттар ошондой эле илимий-изилдөө иштери менен магистратура, докторантурага барган.
Стипендианттар кантип тандалган?
Стипендианттар кантип тандалган?
"XXI кылымдын кадрлары" программасынын ишке ашырылышына президенттин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссия баш-көз болуп, курамына ректорлор, окумуштуулар, президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери кирген. Ага президент Аскар Акаев өзү төрагалык кылган.

90-жылдардын соңунда Нурлан үч жыл катары менен сынактарга катышып жүрүп көздөгөнүнө 2002-жылы гана жеткен.
Нурлан Кыштобаев
2002-2006-жылдары Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда (МГИМО) эл аралык укук боюнча окуган
"Программанын алкагында Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна сынак жарыялагандыгын телевизордон көрүп калгам. Кыргыз мектептин бүтүрүүчүсү үчүн ал мүмкүнчүлүк мага космоско учкандай эле болчу. Эки жыл сынактарга катышып жүрүп 2002-жылы, үчүнчү жолкусунда гана өткөм. Окуумду толугу менен Россия тарап төлөчү, жатакана, тамак-аш, баскан-турганды өзүм жайгармакмын. Ата-энем Бишкек — Москва поезди менен тамак-аш салып, ай сайын 100 доллардай акча жөнөтүп, атам айдап жүргөн автоунаасын да саткан. Университет жатакананын акысын 50 пайызга төмөндөтүп берген. Москвадан Бишкекке товар салып иштеп да калгам".
Тандоонун биринчи турунда талапкерлердин документтери текшерилип, дипломдо "3" барлар сынактан четтетилген. Экинчи турда чет тилди билгени текшерилип, үчүнчү турда талапкер адистигине жараша окумуштуулардын суроолоруна жооп берген же текст тапшырган. Андан соң гана комиссияга маектешүүгө барган. Ага сөзсүз гранттык орун берген тараптар да катышчу.

Бирок айрым студенттер ал стипендияга жеңил эле жетип, өз өлкөсүн уят кылган учурлар да болбой койгон эмес. Нурлан Кыштобаев чет өлкөгө программанын аркасы менен эс алуу үчүн келгендердин четин чыгарды.
"Мени менен бирге кеткен балдардын арасында окуусун таштап, сабактарын калтырып, көзөмөлдүн жоктугунан ичип кеткендер да болгон. Аларды ата-энеси келип алып кетишчү, дагы бири бир курсту бир нече жыл окучу. Мага ошол орундарга татыктуу балдар өтпөй калгандай эле сезилчү. Бара-бара акчанын күчү менен келгендерди байкай баштадым. Чет элдик студенттер менен иштешкен деканаттын алдында жердеш студенттер үйүлүп калчу", — деп кошумчалады ал.
Кыштобаев ЖОЖду бүтүп эл аралык укукту чагып калганда Лондондо иштеп, бир нече жылдан кийин Кыргызстанга келген. Учурда Бишкекте эл аралык юридикалык фирманын башкы директору жана Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматында.

Стипендианттар өздөрү да сынактар башында сапаттуу өтүп, бара-бара тандалган жаштардын билим деңгээли төмөн болгонун жашырбайт. Программанын алкагында Индияда билим алган Уланбек Садыбакасов ортого тааныш, тууган-туушкандарды салгандар болгон эмес деп айтуу кыйын дейт.
Уланбек Садыбакасов
2003-2005-жылдары Хайдарабад университетинде компьютердик технологиялар боюнча магистратурада билим алган
"Чоңдордун балдары тапшырып өтүп, арасында окуусун бүтпөй калгандар болгон. Мен, мисалы, башында Германияга өтүп кеткем. Сынакта биринчи орунда болчумун. Ал кезде ачык-айкындуулук эле. Бир күнү чалсам "өттүң" дешкен, эки-үч күндөн кийин кайра мага чалып "өтпөй калдың" деп коюшкан. Көрсө менин ордума университеттин деканынын баласын жиберишиптир. Кийин ал окуусун эптей албай университеттен чыгарылганын угуп калдым. Тааныш, тууган-туушкандарды ортого салган учурлар болгон эмес деп айтуу өтө кыйын", — деди Садыбакасов.
Ал эми комиссияда эки жылдай жооптуу катчы болуп иштеген Үмүтхан Тыналиева окууга өтүп кеткен студенттердин арасында чоңдун балдарынын бар-жогун президент менен мамлекеттик катчы текшергенин кеп кылат.
Үмүтхан Тыналиева
2005-2007-жылдары билим берүү жана илим боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болгон
"Мен иштеп жүргөндө кимдир бирөө тарабынан басым деле болгон эмес. Жаштарга эң негизги талап — чет тилди тийиштүү деңгээлде билиши керек болчу. Сынактын жыйынтыктоочу бөлүгүндө президент менен мамлекеттик катчы тизмеде чоңдун балдары жокпу деп текшерчү. Бир жолу Германияга таланттуу, тил билген, жакшы жыйынтык көрсөткөн бала өтүп кеткен. Көрсө, бир аткаминердин уулу экен. Ал студенттин айынан Кыргызстанда ызы-чуу башталган. Германия тарап "бизге кайсы чоңдун баласы экени маанилүү эмес, ал жөндөмдүү, бизге ылайыктуу болуп жатат окуй берсин" дешкен", — деди Тыналиева.
Программа каяктан каржыланган?
Программа каяктан каржыланган?
1996-жылы Президенттин алдындагы Билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын алдында Билим берүү фонду түзүлөт. Ал фонд эл аралык финансы институттарынан, уюмдардан жана демөөрчүлөрдөн жардам алган.

Ошол кездеги комиссиянын жооптуу катчысы Токтош Айтикеева 1997-жылы гезиттердин биринде берген маегинде мамлекеттик бюджеттен программага бир дагы тыйын бөлүнбөгөндүгүн айткан.
"Стипендианттарга президенттик фонддон каражат бөлүнөт. Андан сырткары, программанын алкагында айрым чет элдик ЖОЖдор акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Жергиликтүү демөөрчүлөр да өздөрүнө керектүү адистерди даярдоого кол кабыш кылууда. Мисалы, Улуттук банк менен Бишкек мэриясы өз кызматкерлеринин окуусун төлөп беришти. Комиссия ошондой эле чет элдик ар кыл долбоорлорго катышып, чет элдик уюмдардан грант алууда", — деп түшүндүргөн ал.
Программаны ишке ашыруу жылдарында каржылык көйгөйлөр болуп турган. Мисалы, 2005-жылдын март окуяларынан кийин Чехияда окуган 11 кыргызстандык студенттин стипендиясы токтоп калган. Аталган мамлекетте стипендианттар жогорку билим алуу үчүн тил курстарынан өтүп жүргөн.
Кайрат Итибаев
2004-2007-жылдары Прагадагы Карлова университетинде мамлекеттик жана социалдык саясат багыты боюнча магистратурада окуган
"Биз президенттин администрациясына кат жазып, стипендияны узартып бергиле деген элек, алар "XXI кылымдын кадрлары" токтотулду деп коюшкан. Ошондо Кыргызстандын бийлик бутактарындагы ишти улантуучулук "жогорку деңгээлде" экендигине көзүм жеткен", — дейт Итибаев.
Кайрат ага карабай тобокелчилик кылып өз алдынча Чехияга барып, стипендиялык бош орун таап, 2007-жылы окуусун аяктап, Кыргызстанга кайтып келген. Бирок мамлекеттик органдарда орун таппай, өз жолу менен кеткен. Кайрат азыр кыргызстандыктардын бизнесин өнүктүрүүгө көмөктөшүп, КРдеги көз карандысыз директорлор палатасынын президенти.
Негизинен "XXI кылымдын кадрлары" чет элдик окуу жай, уюм, мамлекеттер берген гранттык орундардын эсебинен окуган. Мындайча айтканда, ошол кездеги президенттик администрация көбүнесе ортомчулук, уюштуруучулук милдетти аткарган.

Андан сырткары, "Кумтөр Оперейтинг Компани" программага бир нече жыл 200 миң доллардан бөлүп турган. Республикалык бюджеттен акча 2012-жылдан тарта гана бериле баштаган. Жалпы "XXI кылымдын кадрларына" канча акча жумшалганын бир дагы мамлекеттик орган так билбейт.
Кыргызстандын "каймактары" каякка жөнөтүлгөн?
Кыргызстандын "каймактары" каякка жөнөтүлгөн?
Стипендианттар кесипке ээ болуу үчүн АКШ, Германия, Россия, Кытай, Малайзия, Австрия, Австралия, Италия, Аргентина, Украина, Словакия, Чехия, Иордания, Индия, Түркия, Англия, Түштүк Кореяга жөнөтүлгөн. Ал мамлекеттерде кыргыз жаштары жогорку билим алчу, илим менен алектенчү же кыска мөөнөттүү курстарга катышчу.
Канча студент сыртка кеткен?
Президенттик архивде сакталган маалыматтар
Программанын аркасы менен 18 жылда канча кыргызстандык сыртка жөнөтүлгөндүгү тууралуу толук маалымат жокко эсе. Президенттик администрация программанын кагаздары 2005-жылдын март айында жана 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда жоголуп кеткенин кабарлады. "XXI кылымдын кадрлары" болжол менен бир миңдин тегерегинде.
Программа эмнеге ийгилик жарата албай калган?
Программа эмнеге ийгилик жарата албай калган?
2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен программаны жоюп салат. Келечек үчүн маанилүү делген долбоордун токтотулушу ЖМКларда деле чагылдырылбай, коомчулук тарабынан деле реакция болгон эмес. Ал маалда "XXI кылымдын кадрларынын" аты-жыты белгисиз болуп бараткан. Коңшу Казакстан ошондой эле "Болашак" программасын 1993-жылдан бери ийгиликтүү иштетип келет, стипендианттарынын саны азыр 14 миңден ашты. Кыргызстанда аталган программанын жакшы жыйынтык бербей калышынын бир нече себеби бар.
Биринчи себеби: стипендианттарды жумушка орноштуруу каралган эмес...
Чет өлкөдөн билим алып келгендерди мамлекеттик кызматка аралаштыруу жол-жобосу иштелип чыккан эмес. Ошол эле маалда аларды өлкөгө алып келүү аракеттери болгон эмес. Стипендианттар мекенине келгенде ылайыктуу жумуш издөөгө аргасыз болгон.
Талант Рыспаев
"XXI кылымдын кадрлары" программасы менен 1999-жылы Германиядагы Чыгыш Саксониянын Клаусталь техникалык университетинде илим менен алектенген
"Ушул программа менен чет өлкөгө билим алганы барып ал жакта калып калгандар толтура. Алар Кыргызстанга кайтып келсе да жумушсуз байкуш болуп калышчу. Мамлекет баш-көз болуп көзөмөлдөгөн да жок. Ошонун айынан алар дүйнөгө тарап кетишти. Мен Казакстанда 2016-2018-жылдары проректор болуп иштеп калгам. Казактардын "Болашак" программасын жакшы билем. Бүтүрүүчүлөрү азыр коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдарында, илимий мекемелеринде иштөөдө. Республиканын алдыга жылышына чоң түрткү болуп, жакшы жардам берди. Казактар окууга кетип үйлөнүп алгандарга же иштеп келбей койгондорго акчаларын төлөтүп алган. Стипендианттардын ата-энесинин үйүн мамлекет күрөөгө алып койгон учурлар да болгон. Бизде бул программа убагында тиешелүү деңгээлде ишке ашпай калып, мамлекетибиз ушундай абалга кептелди", — деди окумуштуу.
Уланбек Садыбакасов
2003-2005-жылдары Хайдарабад университетинде компьютердик технологиялар боюнча магистратурада окуган
"Долбоорду ишке ашырууда координация солгун болуп калды. Бүтүп келгендерди чогултуп, тааныштырып, кезиктирип, аларга шарт түзүп бергенде сонун болмок. Окуп келгендер менен бийлик мамиле түзө алган жок, жеңилдиктерди берип, колдоп-коштогон эмес. Көбүбүз мамлекетке иштеп берели деп эле келгенбиз. Ошондуктан мен азыр негизги жумушуман сырткары Бишкекте студенттерге сабак берип жатам", — дейт Садыбакасов.
Уланбек Индиядан окуп келгенден кийин чет өлкөлүктөр жакшы айлык маяна, жумуш сунуштаган. Бирок ал Кыргызстанда калып чет элдик компаниялардын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө эмгектенген. Азыр ал Бишкектеги ЖОЖдордун биринин IT департаментинде иштейт.
Экинчи себеби: КРде стипендианттарга суроо-талап жок болгон
Техника илимдеринин доктору Талант Рыспаевдин жасаган илимий эмгектери азыр дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн медицина, авиация, машина куруу тармактарында кеңири колдонулат. Окумуштуу илимий даражасын Европадан коргоп келсе да өз өлкөсүндө бааланган эмес.
Талант Рыспаев
"XXI кылымдын кадрлары" программасы менен 1999-жылы Германиядагы Чыгыш Саксониянын Клаусталь техникалык университетинде билим алган
"2011-жылы Германияда техника илимдери боюнча докторлук диссертациямды жактагандан кийин мекенге кайтып келип, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетинин деканы болуп иштегем. Ошол жылдары германиялык кесиптештеримдин колдоосу менен Кыргызстанда логистика, телематика жана медициналык инженерия кафедраларын ачтык. Жаңы ачылган техникалык адистиктеги студенттерди окутуу үчүн жабдыктар керек эле. Билим берүү жана илим министрлиги, университеттин жетекчилиги андай шарт түзүп бере албай коюшту. Ортодо мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, менин ордума чоочун киши келди. Анан Усть-Каменогорск шаарындагы Чыгыш Казакстан техникалык университети мени (ВКГТУ) металлургия жана тоо кендери факультетинин декандык кызматына чакырды. Эки ай өтпөй ал жакта проректорлук орунга которуп, металлургия боюнча ошол университетте, казак заводдорунда 12 жаш адистин PhD-докторлугуна жетекчи болдум", — деди Рыспаев.
Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу азыр дагы Германияда илим менен алпурушуп, эки университетте лекция окуп келет.

Кыргызстандык Жамила Сманалиева да 2018-жылдан бери Германияда иштейт. Кесипкөй инженер-технологго Кыргызстанга караганда Европада суроо-талап жогору.
Жамила Сманалиева
"XXI кылымдын кадрлары" программасы менен 2004-2007-жылдары Берлин техникалык университетинде докторлугун жактаган
"Германияда азык-түлүк боюнча инженер-технологдорго суроо-талап жогору. Мен азыр Дрезденде "Азык-түлүктүн химиясы" кафедрасында илимий кызматкер болуп иштеп келем. Ал жакта кыргыз азыктарын изилдөө боюнча долбоор жазуудамын. Анын аркасы менен азыктарыбызды Европа өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүгүбүз пайда болот. Муну менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошсом дейм", — деди илимпоз.
Сманалиева буга чейин Бишкектеги ЖОЖдордун биринде студенттерге сабак берип иштеген.
Адаш Токтосунова
Саясат илимдеринин доктору, президенттин алдындагы билим берүү жана илим боюнча комиссиянын экс-төрайымы
"Кээде жаштар Кыргызстанга пайдасы анча тийбеген адистиктерге окуганы жиберилчү. Стипендианттар мекенге кайтып келгенде гана билими бул жакта кереги жок экенине көзү жетчү. Өлкөдө күчтүү өндүрүш, илимий-изилдөө борборлору жок болгондуктан каякка барарын билбей отуруп калгандар болгон", — деди Токтосунова.
Айрым бүтүрүүчүлөр кызмат үчүн акча сураган учурларга туш болуп, мекенинде өзүнүн өсүп-өнүгүшүнө көзү жетпей калганда гана кайра чет өлкөгө сапар тартышкан.
Үчүнчү себеби: өлкөдөгү саясий туруксуздук
Программа иштеп турган жылдары өлкөдө үч жолу президент алмашкан. Жаңы келген бийлик программаны өзү каалагандай тескеген. Мындай мамиле да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.
Адаш Токтосунова
Саясат илимдеринин доктору, президенттин алдындагы билим берүү жана илим боюнча комиссиянын экс-төрайымы
"Революция болгон сайын баары өзгөрүп турган. Себеби жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат да. Кадрдык өзгөрүүлөр тез болуп, абал да тездик менен алмашкан. Эч ким программа кандай иштегенин анализдей алчу эмес. Бийлик алмашкан сайын документтер жоголуп турган", — деди Токтосунова.
Программанын алкагында эч бир иш жасалбай, жыйынтык болгон эмес деп айтуу өтө кыйын. Көбүнесе анын жемишин чет элдиктер көрдү. Анткени аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган адам ресурстары чет өлкөдө бааланган. Азыр кыргыздын билимдүү кыздар-балдары дүйнөнүн булуң-бурчунда алдыңкы ЖОЖдордо, финансылык институттарда, уюмдарда иштеп келүүдө.
Осмонакун Ибраимов
Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы, КР президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын биринчи орун басары болуп иштеген
"Көпчүлүгү учурда сыртта иштеп жүрөт. Эгер алар келгенде өлкө үчүн жакшы эле болмок. Алды Германиянын улуттук банкында, эл аралык университеттерде иштеп жатат. Эл аралык деңгээлдеги мыкты адвокат, юристтер болду. Аларды саясатка, мамлекеттик бийликке аралаштырбаган бизде да күнөө бар. Себеби эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында биз бийликте элек. 2005-жылдан кийин бийлик алмашканда президенттерге кайрылып, Кыргызстандын акчасына окуп бөтөн жерде иштеп жүргөн балдарыбызды алып келели деп жүрдүм. Президенттер ал демилгемди анча деле колдогон эмес. Аларды Кыргызстанга алып келүү азыр деле актуалдуу. Алар биздин алтын корубуз", — деди Ибраимов.
Стипендианттардын канчасы мекенине кайра кайтып келери белгисиз. Убакыттын өтүшү менен "XXI кылымдын кадрлары" чет өлкөдө орун-очок алып, үй-бүлө күтүп, жакшы кызматтарды аркалап калган.

Жыйынтыктап айтканда, ал амбициялуу долбоор убагында тийиштүү деңгээлде иштегенде, балким азыр өлкөдө абал такыр башкача болмок. Анткени ага тиешеси бар кыргызстандыктардын бир бөлүгү "XXI кылымдын кадрлары" республиканы жаңы деңгээлге көтөрмөк десе, дагы бири ал программадан, анын бүтүрүүчүлөрүнөн эчак эле үмүтүн үзүп койгон...
Редакторлор
Мирбек Сакенов, Карина Разетдинова

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Миша Джапаридзе, Табылды Кадырбеков, Мамлекеттик кинофонофотодокументтердин борбордук архиви, каармандардын өздүк архивиндеги сүрөттөр

Маалымат булагы
Кыргыз Республикасынын президентинин аппараты (азыр - президенттик администрация), Финансы министрлиги, "Вечерный Бишкек" гезитинин 1997-жылдын 5-марттагы саны, "Кут билим" гезитинин 2001-жылы 16-марттагы саны, ачык маалымат булактар