референдум 2021
Жаңы Конституция долбоору тууралуу толук кеп
референдумдан соң бизди эмне күтөт?
РЕФЕРЕНДУМ 2021
Жаңы Конституция долбоору тууралуу толук кеп
референдумдан соң бизди эмне күтөт?
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде өтөт. Сунушталып жаткан Баш мыйзам долбоору кабыл алынса кыргызстандыктардын турмушу кандай өзгөрөрү туурасында Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.

Жаңы Конституция жөнүндө сөз башталгандан тарта референдум күнү жарыяланганга чейин жарым жыл өттү. Бул кандайча болгонун бирге эстеп көрөлү.
Добуштарды кол менен эсептөөнүн регламенти катуу каралган жана көп убакытты талап кылат. Бул инфографикадагы көрсөткүчтөр алдын ала алынган маалымат катары эсептелет. Ал эми жаңы Конституция боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын БШК кийинчерээк жарыялайт.
Добуш берүү аяктагандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөө урналарындагы маалыматтарга таянып референдумдун алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт. Бирок бул жыйынтыктар расмий катары эсептелбейт.
АСУнун алдын ала маалыматтарына таянып карта даярдадык. Мында Кыргызстандын аймактарындагы шайлоочулар кантип добуш бергени көрсөтүлгөн. Райондун өңү канчалык каралжын болсо, демек, ал жердин жашоочуларынын көпчүлүгү жаңы Конституциянын долбооруна добуш берген деп түшүнүүгө болот.
БШК шайлоочулардын 30 пайызы добуш берүүгө келсе референдум өттү деп тааныйт. Референдумда добуш берүү укугуна 3,6 миллиондон ашык жарандын укугу бар. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат.
Референдум кандай өтөт?
Шайлоо участкалары таңкы 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштейт. Добуш берүү күнү кыргызстандыктар төмөнкү соболго жооп берүүгө тийиш:

"Жогорку Кеңеш тарабынан референдумга (жалпы элдик добуш берүү) коюлган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алуу"

Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтарга негизделген референдумдун алдын ала жыйынтыгы добуш берүүнүн жыйынтыгы келер замат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланып турат.

Референдумдун соңку жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 20 күн аралыгында такталат. Башкача айтканда, акыркы мөөнөт — 2-май.
2020-жыл
Октябрь айы

Кыргызстанда бийлик алмашууда: элдик толкундоолордон соң Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрликти Садыр Жапаров аркалап калды. Ошондо саясий чөйрөдө жаңы Баш мыйзам туурасында айтыла баштаган.

"Эгер бизге бут тосушпаса эле эл каалаган Конституция кабыл алынат", — деп билдирген Жапаров 23-октябрда.

Ноябрь айы

Бишкекте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынч митинг өтүүдө. Анын катышуучулары президенттик башкаруу формасы авторитардыкка өтүп кетет деп эсептешет. Андай акциялар алигүнчө уланып келет.

Көп өтпөй Жогорку Кеңештин сайтында жаңы Баш мыйзамдын долбоору жарыяланды. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен бир өткөрүү сунушталат. Баштапкы варианттан айрым үзүндүлөрдү келтирели

— президент күчтөнөт, аткаруу бийлигин жетектейт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат;

— премьер-министр "оюндан чыгат", анын ордуна ыйгарым укуктардын кыйла жупуну тизмеси менен — "өкмөт башчысы" келет;

— Элдик курултай киргизилет;

— депутататтардын саны 120дан 90го кыскарат;

— ыймандык баалуулуктар менен каада-салтка каршы келген Жалпыга маалымдоо каражаттары жана иш-чараларга тыюу салынат.

Долбоор коомдо да, саясатчылар тарабынан да сынга кабылат: социалдык медиада бул "Бакиевдин дооруна кайтуу" деген пикирлер айтылат.

Юристтердин бир даары долбоордо бийлик бутактарынын ортосунда баланс бузулганын билдирип, эгер шайлоонун жыйынтыгы таанылган болсо, былтыр октябрда эле кете турган Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын аракеттери мыйзамсыз деген ойлор да жаңырган. Бул учурга Венеция комиссиясы да көңүл бурган эле, эске салсак, ал Кыргызстанда шайлоонун жылдырылышына кабатыр болуп шашылыш бүтүм чыгарган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарында 80 парламентарийдин аты аталган. Бул – жаңы Конституция сымал өтө маанилүү маселени көтөрүү үчүн керектелчү минимум. Бирок долбоор жарыялангандан көп өтпөй айрым депутаттар демилгечи экенин четке кагышкан. Андай кадамдары деле окуяга таасир этпеди.

Бир нече күндөн кийин өлкөдө Конституциялык кеңешме чогултушту, ага эң башта 89 киши кирген (кийинчерээк мүчөлөрдүн тизмеси толукталган).

Кээде Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн сунуштары коомчулуктун тынчын алып жатты. Маселен, өлкөнүн аталышын Кыргыз Элдик Республикасы деп атоо (КЭР) демилгеси көпчүлүктүн эсинде калды.

Декабрь айы

Депутаттар башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү демилгесин жактырган: кыргызстандыктар кандай республиканы көбүрөөк колдой турганын билдириши керек эле, атап айтканда, парламенттик жана президенттик башкаруу формасынын бирин тандоого тийиш болчу.
2021-жыл
Январь айы

Референдумда чоң айырма менен президенттик башкаруу формасы жеңип чыкты. Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктаган.

Февраль айы

Жаңы Конституция долбоору акыры Жогорку Кеңешке жетип, документ парламенттин сайтына илинген.

Алгачкы версиядагы чуулгандуу беренелер алып салынган, кээсин калтырып, өзгөртүп же толукташкан. Мисалы, долбоорго ылайык, президенттик администрациянын жетекчиси министрлер кабинетине төрагалык ("өкмөт" сөзү жок) кылат.

Талкуу маалында кээ бир депутаттар долбоорду сынга алган, айрымдары кесиптештерин аны кабыл алууга "ашыкпоого" чакырган. Бирок бул көрүнүштөр кийинки окуяларга иш жүзүндө таасир эткен жок.

Март айы

Жогорку Кеңештин профилдик комитети жаңы Конституциянын долбоорун бир добуштан колдоп берди, бирок парламенттин жалпы жыйынында талаш-тартыш уланган.

Вице-спикер документке депутаттардын эч бир сунушу киргизилбегенин билдирди. Кай бир эл өкүлдөрү долбоордун авторлорунун аты-жөнүн атоону талап кылышты.

Парламентарийлердин бири тизмеде маркум жана тергөө абагындагы депутаттардын ысымдары жүргөнүнө таң калган.
Эл өкүлдөрүнүн долбоорго карата дооматтарына спикер Талант Мамытов: "Парламенттин миссиясы — документтин мазмунун талкуулоо эмес, референдум датасын жарыялоо", - деп жооп берген.

Натыйжада депутаттардын абсолюттук көпчүлүгү биринчи окууда референдумдун 11-апрелге белгиленишин колдогон. 87 парламентарий "макул" десе, 9 эл өкүлү каршылыгын билдирген.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Жогорку Кеңештин далистерин аралай Конституция долбоорунун парламентке тиешелүү беренелерин билер-билбесин аныктоо үчүн депутаттарга собол салган.

Сурамжыланган 16 парламентарийдин эч кимиси журналисттин суроосуно так жана туура жооп бере алган эмес.
Экинчи окууда мыйзам чыгаруу органында талкуу кызып, кызыл чеке талаш жүрдү. Бирок дароо ошол жыйында добуш бере алышпай, кийинки күнгө жылып калды.

Экинчи жана үчүнчү окууларда депутаттардын көпчүлүгү 11-апрелде референдум өткөрүүнү кайрадан колдоп беришти.

Бул ирет 94 парламентарий "макул", алтоо "каршы" деп добуш беришкен.

Референдумду белгилөө боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

БШКнын маалыматы боюнча, референдумду өткөрүүгө 55,6 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Айтмакчы, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтөт.
Жаңы Конституциянын долбоору азыркысынан эмнеси менен айырмаланат
Жаңы Конституциянын долбоору азыркысынан эмнеси менен айырмаланат
Президент
Азыр:
Мамлекет башчысы.
Сунушталууда:
Мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана аткаруу бийлигин жетектейт.


Азыр:
Алты жылга шайланат. Бир эле киши эки жолу президент болуп шайлана албайт.
Сунушталууда:
Беш жылга шайланат. Бир эле киши эки мөөнөттөн ашуун президент болуп шайлана албайт.


Азыр:
35 жашка толгон жана 70 жаштан ашпаган жаран КР президенти болуп шайлана алат.
Сунушталууда:
35 жашка толгон (курак чеги көрсөтүлгөн эмес) КР жараны президент болуп шайлана алат.


Азыр:
Мыйзам чыгарууну демилгелөөгө укугу жок.
Сунушталууда:
Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү укугуна ээ.


Азыр:
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет.
Сунушталууда:
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эл аралык келишимдерге кол коет, ички жана тышкы саясаттын негизи багыттарын аныктайт.


Азыр:
Өкмөттүн дээрлик толук курамын, УКМК жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен сырткары, Жогорку Кеңеш аныктайт, президент дайындоолор жөнүндөгү жарлыктарга кол коет. Президент үч күн ичинде кол койбосо өкмөт мүчөлөрү дайындалган болуп саналат.
Сунушталууда:
Министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын президент аныктайт; ал
Жогорку Кеңештин макулдугу менен министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн дайындайт.


Азыр:
Ишенбөөчүлүк көрсөтүү учурунда президент өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алып же ЖКнын чечимине макул болбой коюуга акысы бар.
Жогорку Кеңеш чечиминен кайтпаса, президент өкмөттү отставкага кетирет.
Сунушталууда:
Президент жеке демилгеси менен министрлер кабинетинин иштеп турган курамын же мүчөсүн отставкага кетире алат.


Азыр:
Премьер-министр жылына эки жолудан ашырбай Жогорку Кеңешке өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени коет.
Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартса, президент 5 жумушчу күндүн ичинде өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
Сунушталууда:
Бул норма жок.


Азыр:
Премьер-министр жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындап жана кызматтан алат.
Сунушталууда:
Президент мамлекеттик администрация башчыларын дайындап жана кызматынан бошотот.


Азыр:
Мыйзамга шайкеш түзүлгөн Коопсуздук кеңешин жетектейт.
Сунушталууда:
Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.


Азыр:
Президент өз аппаратынын түзүмүн аныктайт, жобосун бекитип жана жетекчисин дайындайт.
Сунушталууда:
Президенттин администрациясын түзөт; министрлер кабинетинин төрагасы анын жетекчиси болуп саналат.


Азыр:
Премьер менен макулдашуу менен КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын дайындап жана чакырта алат.
Сунушталууда:
КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын дайындап жана чакырта алат.


Азыр:
Жогорку Кеңешке БШКнын мүчөлөрүнүн үчтөн бирине талапкерлерди көрсөтүп жана кызматтан алуу боюнча сунуш киргизет.
Сунушталууда:
Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын шайлоо үчүн талапкерлерди жана аларды кызматтан бошотуу сунушун Жогорку Кеңешке киргизет.


Азыр:
Башкы прокурорду кызматынан жалпы депутаттардын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн макулдугу менен же алардын үчтөн биринин демилгеси жалпы депутаттардын үчтөн экиси тарабынан колдоого алынган учурда бошотот.
Сунушталууда:
Башкы прокурорду кызматынан жалпы депутаттардын санынын жарымынан кем эмес добушу менен бошотот.


Азыр:
Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат
Сунушталууда:
Президент Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;


+ мамлекеттик катчыны жана балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындайт жана бошотот;
+ референдумду белгилөө жөнүндө жеке же 300 миңден кем эмес шайлоочунун, болбосо ЖК депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүктүн демилгеси менен чечим кабыл алат.
Президентти кызматынан четтетүү
Азыр:
Президент кызматынан ага карата парламент тарабынан кылмыш кылгандыгы тууралуу айып тагылган учурда четтетилиши мүмкүн.
Бул президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери бар экени боюнча башкы прокурордун корутундусу менен тастыкталууга тийиш.
Сунушталууда:
Башкы прокурордун корутундусунан тышкары, айып тагуунун тартиби сакталгандыгы боюнча Конституциялык соттун бүтүмү зарыл.
Ошондой эле президент кызматынан четтетилиши мүмкүн экени боюнча негиздер жазылган:
— Конституция жана мыйзамдарды бузуу;
— Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишүү.



Азыр:
Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага айып тагуу боюнча ЖКнын чечими депутаттардын үчтөн биринен кем эмес бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
Ошону менен бирге эле президентти кызматтан четтетүү жөнүндөгү чечим депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен айып коюлгандан үч айдан кечиктирилбей кабыл алынат.
Эгер бул мөөнөттө ЖК чечими кабылданбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелинет.
Сунушталууда:
Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага айып тагуу боюнча ЖКнын чечими депутаттардын жарымынан кем эмес бөлүгүнүн демилгеси боюнча алардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынышы керек.
Ошону менен бирге эле президентти кызматтан четтетүү жөнүндөгү чечим депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен айып коюлгандан үч айдан кечиктирилбей кабыл алынат.
Эгер бул мөөнөттө ЖК чечими кабылданбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелинет.
Эгер президент мөөнөтүнөн эрте отставкага кетсе
Азыр:
Мамлекет башчысы шайланганга дейре анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин спикери аткарат.
Мындай вариант мүмкүн болбогон шартта президенттин милдетин аткаруу милдети премьер-министрге же анын милдетин аткарып жаткан адамга өтөт.
Сунушталууда:
Мамлекет башчысы шайланганга дейре анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин спикери аткарат.
Мындай вариант мүмкүн болбосо, президенттин милдетин министрлер кабинетинин төрагасы аткарат.
Бул адамдардын президенттин милдетин аткаруусу мүмкүн болбогон учурда мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын аткаруу конституциялык мыйзам менен аныкталат.


Азыр:
Жаңы президент үч ай аралыгында шайланууга тийиш, ошону менен бирге эле президенттин милдетин аткаруучу мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоону белгилеп, өкмөттү отставкага кетирип же мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого катыша албайт.
Сунушталууда:
Бул норма жок.
Жогорку Кеңеш
Азыр:
120 депутат, бир партия 65тен ашуун мандат ала албайт. Парламент пропорционалдык система боюнча шайланат.
Сунушталууда:
90 депутат, кайсы система боюнча шайланары көрсөтүлгөн эмес

Азыр:
Шайлоо күнүндө 21 жашка толгон КР жараны депутат болуп шайлана алат.
Сунушталууда:
Шайлоо күнүндө 25 жашка толгон КР жараны депутат болуп шайлана алат.

Азыр:
ЖК депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты чакыртып алууга жол берилбейт.
Сунушталууда:
Депутаттык мандатты чакыртып алуу ЖК депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулган учурлардын арасында жазылган.

Азыр:
ЖКнын көп мандатка ээ фракциясы же анын катышуусундагы фракциялардын коалициясы премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтөт.
Талапкер парламентке программасын, өз командасынын түзүмү жана курамын тааныштырат.
Депутаттар өкмөттүн иш программасын бекитип, анын түзүмүн жана курамын, УКМК жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилеринен тышкары аныктайт.
Президент премьерди жана анын командасын дайындоо жөнүндө үч күн ичинде жарлык чыгарбаса, алар баары бир дайындалды деп эсептелинет.
Сунушталууда:
Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн парламенттин макулдугу менен президент дайындайт.

Азыр:
Президенттин сөздөрүн тыңдайт.
Сунушталууда:
Президенттин сөздөрүн, ошондой эле ар жылкы кайрылуусун жана өз ишмердиги боюнча президенттин маалыматын угат.

Азыр:
Өкмөткө ишеним көрсөтүү же ишенбөөчүлүк билдирүү чечимин кабыл алат.
Сунушталууда:
Бул норма жок

Азыр:
Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Сунушталууда:
Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Азыр:
Эгер депутат бир сессия маалындагы жыйындарга себепсиз 30 жана андан ашык иш күн катышпаса, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
Сунушталууда:
Эгер депутат бир сессия маалындагы жыйындарга себепсиз 10 иш күн катышпаса, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Азыр:
ЖК депутаты премьер-министрлик же биринчи вице-премьерликке депутаттык мандатынын жана пленардык жыйындарда добуш берүү укугунун сакталышы менен дайындалат.
Сунушталууда:
Бул норма жок

Азыр:
Жогорку Кеңеш Эсеп палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн президенттин сунушу менен, үчтөн бирин.
— парламенттик көпчүлүк жана үчтөн бирин — парламенттик оппозициянын добушу менен шайлайт.

Сунушталууда:
Жогорку Кеңеш Эсеп палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн президенттин сунушу менен, үчтөн экисин
— жеке демилгеси менен шайлайт.

Азыр:
Президенттин сунуштамасы менен башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.
Сунушталууда:
Президенттин сунуштамасы менен башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.
Жогорку Кеңешти таратуу жана өзүн-өзү таркатуу
Азыр:
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жөнүндөгү чечими жалпы депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Президент ЖК өзүн-өзү тараткандан беш күн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялайт. Ошону менен бирге ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялангандан 45 күндөн кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш.
Сунушталууда:
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жөнүндөгү чечими жалпы депутаттардын үчтөн бири тарабынан демилгеленип, үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Президент ЖК өзүн-өзү тараткандан беш күн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялайт.


Азыр:
Премьер-министр жылына эки жолудан ашырбай Жогорку Кеңешке өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени коет.
Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартса, президент 5 жумушчу күндүн ичинде өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
Сунушталууда:
Бул жобо жок.
Мыйзам чыгарууну кимдер демилгелей алат?
Азыр:
Мыйзам чыгарууну демилгелөө укугу төмөнкүлөргө таандык:
1. 10 миң шайлоочу (элдик демилге).
2. Жогорку Кеңештин депутаты.
3. Өкмөт.
Сунушталууда:
Мыйзам чыгаруу демилгесин сунуштоо укугу төмөнкүлөргө таандык:
1. 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);
2. президентке;
3. Жогорку Кеңештин депутаттарына;
4. министрлер кабинетинин төрагасына;
5. өзүнүн тиешелүү маселелери боюнча Жогорку сотко;
6. Элдик курултайга;
7. өзүнүн тиешелүү маселелери боюнча башкы прокурорго.
Жаңы киргизилгендер
Элдик курултай жаңы киргизилүүдө.

Элдик курултай — бул коомдун өнүгүүсүнүн багыттары боюнча сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйын. Элдик курултайды уюштуруу жана анын ишмердигинин тартиби Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жаңы Конституциянын долбоорунда мындай берене бар: " Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет. Маалыматты алууга жана жайылтууга чектөө коюлуучу иш-чаралардын жана чектөөлөрдүн тизмеси мыйзам тарабынан белгиленет".
Аткаруу бийлиги
Азыр:
Аткаруу бийлигин өкмөт жана ага баш ийген түзүмдөр жүзөгө ашырат.
Сунушталууда:
Аткаруу бийлигин президент жүзөгө ашырат.


Азыр:
Өкмөт премьер-министр, вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик комитеттердин башчыларынан турат.
Сунушталууда:
Министрлер кабинети төрага, анын орун басарлары жана башка мүчөлөрүнөн турат. Министрлер кабинетинин төрагасы президенттик администрацияны жетектейт.


Азыр:
Премьер-министр өкмөттү жетектейт, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жооп берет, өкмөттүн токтом, буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыздайт.
Сунушталууда:
Президент аткаруу бийлигинин ишин тескейт, министрлер кабинетинин жана аткаруу бийлигинин иш жыйынтыктарына керт башы менен жооп берет, министрлер кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырма берет. Алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, министрлер кабинети жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат.
Министрлер кабинетинин төрагасы анын иши үчүн президенттин алдында жооп берет.


Азыр:
Өкмөттүн түзүмү жана курамын, УКМК жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен сырткары, Жогорку Кеңеш аныктайт.
Сунушталууда:
Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамын президент аныктайт.


Азыр:
Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынса, өкмөт отставкага кетет.
Сунушталууда:
Төраганын отставкасы жалпы министрлер кабинетинин отставкасына алып келбейт.


+ Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетко Жогорку Кенеш тарабынан канааттандырарлык эмес деген баа берилсе, президент министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.
Сот бийлиги
Азыр:
Сот системасы Жогорку сот жана жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.
Сунушталууда:
Сот системасы Конституциялык сот, Жогорку сот жана жергиликтүү соттордон турат.


Азыр:
КР ЖС Конституциялык палатасы:
— Конституцияга каршы келген мыйзам жана ченемдик-укуктук актыларын конституциялык эмес деп табат;
— Кыргызстан катышуучусу болгон, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду чыгарат;
— Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна корутунду берет.
Сунушталууда:
Конституциялык сот:
— президент, ЖК жана Жогорку соттун кайрылуусу менен Конституцияны расмий чечмелеп берет;
— КР мыйзам жана башка ченемдик-укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келиши тууралуу иштерди чечет;
— Кыргызстан катышуучусу болгон, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду чыгарат;
— бийлик бутактарынын ортосундагы компетенция тууралуу талаштарды чечет;
— Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна корутунду берет;
— Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.


Азыр:
КР Жогорку сотунун жана ЖС Конституциялык палатанын судьялары өз курамынан башчысын жана орун басарларын үч жылга тандашат. Бир киши эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
Сунушталууда:
Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагалары ЖКнын макулдугу жана Соттор кеңешинин сунушу менен президент тарабынан дайындалат. Алар 5 жылга тандалат.
Конституциялык жана Жогорку соттордун төрагаларынын сунуштамасы боюнча алардын орун басарларын президент 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.


Азыр:
Соттор кеңешинде дисциплинардык комиссия иш алпарат.
Сунушталууда:
Жаңы Конституциянын долбоорунда дисциплинардык комиссия тууралуу айтылбайт.


Азыр:
Сотторду тандоо кеңеши соттордон жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралат.
Соттор кеңеши парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Сотторду тандоо кеңешинин курамынын үчтөн бири менен тандалат.
Сунушталууда:
Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси судьялардан, үчтөн бири ррезиденттин, Жогорку Кеңештин, Элдик курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.


Азыр:
Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.
Сунушталууда:
Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.


Азыр:
Жогорку сот мыйзам чыгарууну демилгелөө укугуна ээ эмес.
Сунушталууда:
Жогорку сот өз ишмердигиндеги маселелер боюнча мыйзам чыгарууну демилгелөө укугун алат.
Редактор
Карина Разетдинова

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Булак
РК Конституциясы, КР Конституциясы тууралуу мыйзам долбоору, ачык маалыматтар, Шайлоо жана референдум өткөрүү обюнча борбордук комиссия