Октябрь айыКыргызстанда бийлик алмашууда: элдик толкундоолордон соң Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрликти Садыр Жапаров аркалап калды. Ошондо саясий чөйрөдө жаңы Баш мыйзам туурасында айтыла баштаган.
"Эгер бизге бут тосушпаса эле эл каалаган Конституция кабыл алынат", — деп билдирген Жапаров 23-октябрда.
Ноябрь айыБишкекте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынч митинг өтүүдө. Анын катышуучулары президенттик башкаруу формасы авторитардыкка өтүп кетет деп эсептешет. Андай акциялар алигүнчө уланып келет.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештин сайтында жаңы Баш мыйзамдын долбоору жарыяланды. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен бир өткөрүү сунушталат. Баштапкы варианттан айрым үзүндүлөрдү келтирели
— президент күчтөнөт, аткаруу бийлигин жетектейт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат;
— премьер-министр "оюндан чыгат", анын ордуна ыйгарым укуктардын кыйла жупуну тизмеси менен — "өкмөт башчысы" келет;
— Элдик курултай киргизилет;
— депутататтардын саны 120дан 90го кыскарат;
— ыймандык баалуулуктар менен каада-салтка каршы келген Жалпыга маалымдоо каражаттары жана иш-чараларга тыюу салынат.
Долбоор коомдо да, саясатчылар тарабынан да сынга кабылат: социалдык медиада бул "Бакиевдин дооруна кайтуу" деген пикирлер айтылат.
Юристтердин бир даары долбоордо бийлик бутактарынын ортосунда баланс бузулганын билдирип, эгер шайлоонун жыйынтыгы таанылган болсо, былтыр октябрда эле кете турган Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын аракеттери мыйзамсыз деген ойлор да жаңырган. Бул учурга Венеция комиссиясы да көңүл бурган эле, эске салсак, ал Кыргызстанда шайлоонун жылдырылышына кабатыр болуп шашылыш бүтүм
чыгарган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарында 80 парламентарийдин аты аталган. Бул – жаңы Конституция сымал өтө маанилүү маселени көтөрүү үчүн керектелчү минимум. Бирок долбоор жарыялангандан көп өтпөй айрым депутаттар демилгечи экенин четке кагышкан. Андай кадамдары деле окуяга таасир этпеди.
Бир нече күндөн кийин өлкөдө Конституциялык кеңешме чогултушту, ага эң башта 89 киши кирген (кийинчерээк мүчөлөрдүн тизмеси толукталган).
Кээде Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн сунуштары коомчулуктун тынчын алып жатты. Маселен, өлкөнүн аталышын
Кыргыз Элдик Республикасы деп атоо (КЭР) демилгеси көпчүлүктүн эсинде калды.
Декабрь айы
Депутаттар башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү демилгесин жактырган: кыргызстандыктар кандай республиканы көбүрөөк колдой турганын билдириши керек эле, атап айтканда, парламенттик жана президенттик башкаруу формасынын бирин тандоого тийиш болчу.