00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
41 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Концерты и флешмобы больше не работают - представители УрФУ о том, как на самом деле строить молодёжную политику
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Алимент, зомбулук, мигранттар: Кыргызстанда адам укуктары кандай корголуп жатат?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Глава Союза строителей о строительном буме в Кыргызстане, проблемах и будущем городов
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Фольклор, достук жана маданий мурас: Кыргызстанда VI Эл аралык “Наристе” фестивалы өтөт
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Курман айт — кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Изилдөөлөр уйкунун жетишсиздиги жана ашыкча уйку органдардын картаюусун тездетерин көрсөттү. Сапаттуу уйку кандай болушу кажет?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносунун келечеги: ири долбоорлор жана чоң пландар “Стоп кадрда” талкууланды
19:07
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда эл көп алган автоунаалар. Үлгүсү, баасы, жылы, куйган майы

Жазылуу
Бул күздө автомобиль рыногу көп талкуунун башы болду. Sputnik Кыргызстан редакциясы эл кандай автокөлүктөрдү сатып аларына баам салды.

Кыргызстанда элге белгилүү болгон автоунаалардын сатылышы боюнча интернет-порталдар саресеп салган маалыматтарды беришти. Акысыз жарнамаларды жайгаштырган lalafo.kg кызматы суроо-талаптар күч болуп жаткан, ал эми mashina.kg 2019-жылы соодаланган темир тулпарлар боюнча айтып берди.

Соңку ресурста автоунаалардын наркынын жогорку чеги июль айында болгондугун, сатылган орто баа 7 557 долларды түзгөнү айтылат.

Автоунааларды баарынан көп арзан наркта март айында сатышкан: анда орточо баа 6 495 долларга туура эле.

Ресурстун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы автокөлүктөр 2000ден тарта 4000 долларга чейин соодаланган: 2019-жылы мындай жарнамалар 29 пайызды түзгөн. Эң эле таралганы 4000-6000 доллардын ортосу (23 пайыз) экени аныкталган.

Кыргызстандыктардын көп кызыкканы — Toyota үлгүсүндөгү автоунаа. Андан сырткары, Honda менен Mercedes-Benz да алдыга чыкты. Дагы бир учур, автомобилге кызыккандар BMW жана Lexus боюнча жарнамаларды ачкан.

Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят? Иликтөө

Айтмакчы, сунуштар суроо-талапты канааттандырган. Алдыңкы үч сапка кирген автоунаа сайттан каралган машиналар менен бирдей болгон. Кызыгы, BMW менен кошо Daewoo да чыга келген.

Активдүү жарнама боюнча статистикага таянсак, кыргызстандыктар түсү анча чаңкайбаган темир тулпарларды алууну ылайык көрүшөт. Алар күмүш сымал (30 пайыз), ак (22 пайыз) жана кара (16 пайыз) түстөр. Булардын катарына көк, кызыл жана жашыл өңдөр азыраак коюлат.

Сатылып жаткан унаалардын дээрлик жарымынан көбү 10-18 жыл болгондор. Активдүү жарнамалардын үчтөн бири андан да эски, 1990-2000-жылдардын ортосунда чыккандарды камтыган. Ал эми жаңылары — 9 жылдан берки автоунаалар тогуз пайызды түзгөн.

Көлүктөрдүн эмне менен жүрө тургандыгына үңүлө келгенде, бензинди пайдалангандар көп экени аныкталган. Электромобилдер жалпы жарыянын бир гана пайызын түзгөн.

Мындан сырткары, кыргызстандыктар седан, минивэнге көбүрөөк ык коюп же беш эсе сейрек сатышары белгилүү болду. Муну менен катар эле сол рулдуулар оң рулга салыштырмалуу көбүрөөк, пайыздык көрсөткүч менен алганда 84 жана 16 болгон.

Айтмакчы, Кыргызстанга сол рулдуу болуп кирген унаалар кантип оң рулдууга айланып калганы боюнча Sputnik Кыргызстан материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0