Токмоктун талаасындагы камыштан чыккан өрт чектөөгө алынды

© Sputnik / Эркин АлымбековӨКМ кызматкери
ӨКМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Өрт чыккан жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин төрт бөлүмү тартылганы белгиленген.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өрт кечки саат 20:24тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылып, дагы кошумча маалымат бериле турганы белгиленди.
Эске салсак, бүгүн, 18-февралда, Токмок шаарынын тушундагы ачык аянтта камыш өрттөнгөн. Ал жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу төрт бөлүм тартылганы айтылган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0