БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын жанында жайгашкан банктын филиалынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жибек жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 101 кызматына саат 8:47де түшкөн.
Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
ӨКМден ушу тапта өрт толугу менен өчүрүлгөнүн айтышты.