Бишкекте 9 жаштагы Аяна Эмилбекова изделип жатат. Сүрөт

© Фото / PexelsСлучаи пропажи детей
Случаи пропажи детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичинекей кыз 31-октябрь күнү саат 15:00дөрдө үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Милиция аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектин Ленин РИИБи тогуз жаштагы Аяна Эмилбекованы издеп жатат. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / пресс-служба УВД Ленинского районаТогуз жаштагы Аяна Эмилбекова изделүүдө
Бишкекте 9 жаштагы Аяна Эмилбекова изделип жатат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Тогуз жаштагы Аяна Эмилбекова изделүүдө

Ага ылайык, 31-октябрда кичинекей Аянанын тууганы милицияга кайрылып, ал ушул эле күнү саат 15:00дөр чамасында Абдраев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келбегенин билдирген. Аталган факты Ленин РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкектин чок ортосунан жоголуп кеткен тестиер кыз табылды. Сүрөт

Жоголгон кыздын бою 120-130 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кара, көзү күрөң. Үстүнө күлгүн түстөгү жилетка, астына дагы ушундай өңдөгү шым жана ботас кийип жүргөн.

Милиция Аянаны көрүп билгендерди 0 312 352-605, 0553 102-456, 0703 401-600, 0553 102-880, 0551 102-326 номерлерине жана 102ге чалып кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0