Ош менен Баткенде коронавирустан төрт адам көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер
Ооруканадагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө коронавирус 1 103 кишинин өмүрүн алды. Жалпысынан алганда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирустан төрт адам көз жумду. Эки учур Ошто болсо, дагы экөө Баткен облусунда катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 1 103 кишинин өмүрүн алды.

Жалпысынан алганда коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0