Үстүнө опалубка түшкөн. Ак-Өргөдө өрт өчүрүүгө барган машина күйүп кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРВозгорание в строящемся многоэтажном доме в жилмассиве "Ак-Орго"
Возгорание в строящемся многоэтажном доме в жилмассиве Ак-Орго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн барган өрт өчүрүүчү автоунаанын үстүнө күйүп жаткан опалубка түшүп кеткен.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектин Ак-Өргө конушунда курулуп жаткан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүү үчүн барган өрт өчүрүүчү жаракат алып, унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчү унаанын үстүнө күйүп жаткан опалубка түшүп кеткен. Мунун кесепетинен машинанын бир бөлүгү күйүп кеткен.

Бишкектин чок ортосунда терек үч автоунааны басып калды. Видео

Ошондой эле бир өрт өчүрүүчү дагы жаракат алганы айтылат. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү жалын саат 15.43тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0