Ош—Бишкек жолундагы автокырсык: каза тапкан айдоочу бир үйдүн жалгыз уулу болгон

Жазылуу
Маркумдун артында 74 жаштагы апасы, жубайы жана эки кызы калды. Ал көп жылдан бери Ош—Бишкек жолунда жүргүнчү ташып, үй-бүлөсүн багып келген.

ОШ, 25-май – Sputnik. Ош — Бишкек жолундагы Көк-Бел ашуусунда автокырсыктан каза болгон 31 жаштагы айдоочу бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу маркум жашаган Ноокат районунун Көтөрмө айылынын башчысы Таалай Сабиров билдирди.

Последствия ДТП в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматы: мас айдоочу блокпостту сүзүп, ошол жердеги эки полиция көз жумду. Сүрөт
Эске сала кетсек,  25-майга караган түнү саат 1:00 чамасында Honda Odissey автоунаасы Бишкекти көздөй бара жатып кырсыктаган. Айдоочу автокөлүктү чукул бурулуштан башкара албай, жол четинен 150-200 метр тик ылдыйга түшүп кеткен. Маркумдун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө айылынын 31 жаштагы жашоочусу экени аныкталды.

Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу жана жанындагы үч адам каза болгон.

Сабировдун айтымында, маркумдун атасы мындан бир топ жыл мурда каза болгон.

"Ал үй-бүлөдө эки кыздан кийинки жалгыз уул эле. Үйүндө 74 жаштагы апасы, келинчеги жана төрт, эки жаштагы кыздары менен жашачу", — деди Сабиров.

Айыл башчы каза болгон кишинин көп жылдан бери Ош — Бишкек жолунда жүргүнчү ташып, үй-бүлөсүн багып келгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0