Ош–Бишкек жолунда автоунаа тик ылдый кулап, төрт киши көз жумду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УОБДД Джалал-Абадской областиПоследствия ДТП на перевале Кок-Бел
Последствия ДТП на перевале Кок-Бел - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Көк-Бел ашуусунда болгон. Үч эркек киши, бир аялдын көз жумганы жана дагы үч жүргүнчүнүн ооруканага жеткирилгени кабарланды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ош–Бишкек жолундагы автокырсыктан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Көк-Бел ашуусунда болгон.

Жол кырсыгы болгон жерде жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте автоунаа аласалып кетип, беш киши жабыркады. Видео
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылынын 31 жаштагы жашоочусу Honda Odissey автоунаасы менен Бишкекти көздөй бара жаткан. Автокөлүктү чукул бурулуштан башкара албай, жол четинен 150-200 метр тик ылдыйга түшүп кеткен.

Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн.

Айдоочу жана жанындагы үч адам каза болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаракат алгандар:

  • Кыргыз-Ата айылынын 20 жаштагы тургуну Т.А.;
  • Кыргыз-Ата айылынын 18 жаштагы тургуну Р. уулу Р.;
  • Кыргыз-Ата айылынын 22 жаштагы тургуну К. кызы А.

Айдоочуну кошпогондо, каза болгондордун экөө эркек киши, бирөө аял болгон. Алардын ким экени азырынча тактала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0