Ысык-Көл: өспүрүмдү зордуктамак болгон кишини эл ташка алып өлтүрүп кое жаздады

© Sputnik / Табылды КадырбековАйлдагы таш забордун жанында турган киши. Архив
Айлдагы таш забордун жанында турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл тургуну анын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылып жаткан кошунасын кармап алган. Ошол замат жергиликтүү жаштар чогулуп, аны бакка байлап алып таш менен ура башташкан.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кашат айылында өспүрүм кызга кол салууга аракет кылды делген 51 жаштагы кишини жергиликтүүлөр таш бараңга алып, өлтүрүп кое жаздашты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 5-март күнү болгон.

"Айыл тургуну анын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылып жаткан кошунасын кармап алган. Ошол замат жаштар чогулуп, аны бакка байлап алып таш менен ура башташкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок айыл аксакалдары келип, кыжырланган жаштарды токтотуп, милиция чакырышкан.

Учурда шектүү Караколдогу тергөө абагына эки айга камакка алынды. Ага карата КР Жазык кодексинин "Зордуктоого аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0