Ысык-Көл тарапта күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

© AFP / TED ALJIBEСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүү 15-февраль күнү болжол менен 09:31де болгон. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жер 15-февраль күнү болжол менен 09:31де силкинген.

"Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек, Кургак, Таш-Короо айылдарында төрт жарым балл, Койлуу, Май-Саз айылдарында үч жарым балл, Каракол шаарында эки жарым баллга чейин сезилген", — деп жазылат билдирүүдө.

Жаратылыш кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес, кыйроолор жок.

Жер титирөө Казакстандын Алматы шаарында эки баллга чейин сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0