Эт жеп отуруп бир тууган инисин бычак менен сайган. Соттук өкүм

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып салды. Каза болгон жаш жигит каргашадан төрт ай мурун үйлөнгөн.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бир тууган инисинин мойнуна бычак сайып өлтүргөн жаран темир тор артында калтырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, каргаша жай мезгилинде Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда 39 жаштагы эркек үйгө мас болуп келгени айтылат. Ал эт жеп отуруп бир тууган иниси менен уруша кетип, бычак менен сайып жиберген.

Соттук отурумда айыпталуучу төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:

"Окуя болгон күнү кошуналар менен таң атканча арак ичип, түшкө маал үйгө келгем. Ашканада эт жеп отурсам иним мага келип, "бизге жардам бербейсиң, арак ичесиң" деп ызылдап баштаган. Анан жакалаганда колумда бычак бар болчу, ал мойнуна сайылып кетти. Кырсык ата-энемдин үйүндө болгон, мен аны атайы өлтүргөн эмесмин", — деген.

Жаш жигит көп кан жоготуп, окуя болгон жерден көз жумган. Ал каргашадан төрт ай мурун үйлөнгөн.

Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып пул салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0