Бишкекте үч күндөн бери 11 жаштагы бала изделүүдө. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПоиски 11-летнего Саида Бебеза
Поиски 11-летнего Саида Бебеза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11 жаштагы Саид Бебеза 16-сентябрда үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Баланын энеси милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 11 жаштагы Саид Бебезанын изделип жатканын Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй: жоголуп кетип изделип жаткан 12 жаштагы бала табылды
Ага ылайык, 18-сентябрда баланын энеси милицияга кайрылып, 16-сентябрда болжол менен саат 15:00дө Дордой конушунан уулу жоголуп кеткендигин айткан. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, чачы кыска жана кара.

Мектеп формасында болгон: ак көйнөк, кара шым жана кроссовка кийип жүргөн.

Милиция жоголгон баланы көрүп-билгендер болуп калса (0553)10-23-87, (0702) 22-85-05, (0702) 49-88-88, (0552) 10-27-43 же 102 номерине чалып коюуну өтүнөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0