Чүй: жоголуп кетип изделип жаткан 12 жаштагы бала табылды

Жазылуу
Мындан үч күн мурда Ивановка айылында жоголуп кеткен балага Ысык-Ата райондук милициясы издөө жарыялаган эле.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Ивановка айылында жоголуп кетип, милиция издөө салган 12 жаштагы Ислам Айтымбетов аман-эсен табылды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Эске салсак, бала Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы үйүнөн саат 17:30дар чамасында чыгып кеткен боюнча кайрылып келбей, милиция түшкөн арыз боюнча издөө жарыялаган.

Тартип сакчылары Айтымбетовдун табылгандыгын жана ата-энесинин колуна берилгендигин кабарлашты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0