00:32 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.3471
  • RUB1.0986
Кылмыш иши папкасы. Архивдик сүрөт

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөө аяктады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Батукаевдин ишинин жанданышы (53)
524 0 0

Учурда шектүүлөргө айыптары угузулуп жатат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жакынкы аралыкта материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилет.

"ИИМдин Тергөө кызматы шектүүлөргө айыптарын угузуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылган деп бошотулуп, Кыргызстандан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.

8-августта ИИМдин операциясынан кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Бирок 20-августта сот аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (53)

Тема боюнча

Камактагы Атамбаев УКМК терезесинен тарапташтарына кол булгалады. Видео, сүрөт
Атамбаевдин жактоочусу: сот келтирилген жүйөлөрдү канааттандырган жок
Атамбаев курдурган мечит камакка алынган жок. Прокуратуранын түшүндүрмөсү
Белгилер:
шектүү, айып, кылмыш, Азиз Батукаев, ИИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ