Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты

© AP Photo / Robert F. BukatyАльпинист на соревнованиях
Альпинист на соревнованиях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин маркум Хан-Теңир чокусун багынткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиядан келген альпинист Сергей Войличенко Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан каза тапканын "Новости Иркутской области" агенттиги жазып чыкты. https://irksib.ru/allnews/13-incients/15371-irkutskij-alpinist-sergej-vojlichenko-pogib-na-pike-pobedy-v-kirgizii

Маалыматка ылайык, кырсык 13-август күнү Тянь-Шандын эң бийик жеринде болгон. Россиялык жаран новосибирскилик санаалаштары менен чокуга чыгып бара жаткан.

"Сергей тоодон түшүп келе жатып ылдыйды көздөй учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат. Иш-чарага новосибирскилик альпинисттер да катышууда", — дешти Жеңиш чокусуна чыгууну уюштуруп келген "Аксай-Тревел" фирмасынан.

Войличенко Иркутскидеги альпинизм секциясын жетектеп келген. Каргашага чейин 7000 метр бийиктиктеги Хан-Теңир чокусун багынткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0