Балыкчыда батуттан кулаган үч жашар кыз комадан чыкпай чарчап калды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина
НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызды бир жума мурда Бишкектеги ооруканага которушкан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Мындан 10 күн мурда Балыкчы шаарында батуттан кулап кетип, комага түшүп калган үч жашар кыз эсине келбеген тейде чарчап калды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Казакстанда шамал батутту учуруп балдарды басып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда шамал батутту учуруп, балдарды басып калды. Видео
Кыз кечээ, 19-июнда, кечки саат тогуздарда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлердин аракетине карабай көз жумган.

Буга чейин Балыкчы шаарында бөбөктү карап жаткан Борборлоштурулган оорукананын дарыгери кыз бийиктен кулагандыктан алган жарааты да абдан көп экендигин, бирок сактап калуу үчүн күрөшүп жаткандыктарын айткан.

Кырсыктуу батут 9-июнда Балыкчы шаарындагы кичи райондордун биринде шамалдан улам оодарылып кетип, бир нече бала жабыркап, эки бир тууган кыздар ооруканага түшкөн.

Балыкчы шаарынын мэриясынан окуянын кесепетин жоюу үчүн милиция кызматкерлери менен Балдарды коргоо, ата-энелерге колдоо көрсөтүү бөлүмү иштеп жаткандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0