Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор

© AP Photo / Denis FarrellХоспис Соуэто к югу от Йоханнесбурга
Хоспис Соуэто к югу от Йоханнесбурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 9-июнь күнү болжол менен саат 12лерде Соң-Көл кичи районунда болгон.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Балыкчы шаарында шамалдан улам батутта ойноп жаткан төрт бала жабыркап, экөө ооруканага түшкөн. Анын ичинен 3 жашар кыздын абалы оор. Бул туурасында Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Айгүл Кыштообаева Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысына айтып берди.

Анын маалыматына караганда, окуя 9-июнь күнү болжол менен саат 12лерде Соң-Көл кичи районунда болгон.

Учурда ооруканада жаткандар - бир тууган кыздар.

"Эжесинин абалы салыштырмалуу дурус. Буту сынып кеткен. Ал эми бөбөгү, 3 жаштагы кыз учурда реанимацияда. Абалы оор, башынан катуу жаракат алган. Бишкектен санавиация менен балдар дарыгерин чакырттык. Алар келип, бөбөктү ордунан козгобош керектигин, абалы жакшы болгондо борборго алып баруу зарылдыгын айтышты", — деди ал.

Балыкчы шаарынын мэриясынан окуянын кесепетин жоюу үчүн милиция кызматкерлери менен Балдарды коргоо, ата-энелерге колдоо көрсөтүү бөлүмү иштеп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0