04:23 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Бычак кармаган кыз. Архив

Ошто бычакташкан 18-23 жаштагы кыздар. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
688001

Кыздар түнкү саат 03.30га чейин кафеде туулган күн белгилеп, ичимдик ичишкен.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош шаардык милициясы үч кыздын бычак жеген окуясы боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 5-июнда, таңкы саат 04.10до Кара-Суу көчөсүндө кыздар мушташып жатканы боюнча милицияга кабар түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу барганда кафеде отурган кыздар тааныш кызы менен чырдашып, маселени чечүү үчүн анын үйүнө барышканда анысы бычак, бөтөлкө көтөрүп чыкканы белгилүү болгон.

"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын 16-23 жаштагы кыздары калаадагы кафелердин биринде түнкү саат 03.30дарга чейин отурушкан. Алар бир курбусунун 1-июнда өтүп кеткен туулган күнүн белгилеп, айрымдары спирт ичимдигин ичишкен. Ошол маалда 23 жаштагы кызга бир тааныш кызы телефон чалып тынчын ала берген. Анткени ал экөө башка жакка барууну пландаган экен. Ал баш тартып койгондо өз ара кайым айтыша кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң кафеде отурган сегиз кыз ал кыздын үйүнө жөнөгөн. Ага чейин да телефон аркылуу чырдашканы айтылат.

"Кыздар келгенде 20 жаштагы кыз үйүнөн бычак, бөтөлкө көтөрүп чыгып мушташып кетишкен. Аны көптөп, жалгыз кызды ур-токмокко алышкан. Ал кыз да туш келди бычак шилтегенде үч кыз жаракат алган. Бирөөнүн санына, экинчисинин балтырына, үчүнчүсүнүн көкүрөк тушуна тийген. Жаракаттары олуттуу эмес", — дешти милициядан.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык катары катталып, иликтөө жүрүп жатат. Окуянын бардык күбөлөрү тергөөгө алып келинген.

Тема боюнча

Мас күйөөсүн бычак менен жүрөккө сайган. Майдагы чуулуу окуялар
Бишкекте айтыша кеткен окуучу кыз энесине бычак урду
Белгилер:
милиция, кафе, Жаңжал, окуя, бычак, кыз, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ