Алматы — Бишкек кан жолундагы кырсыктан 9 киши каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын чоо-жайын иликтөөгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Алматы — Бишкек кан жолунда эки жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен тогуз киши набыт болду. Бул тууралуу Алматы облусунун полиция департаменти билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 12-майда болуп, Lada менен Toyota Camry автоунаалары кагышкан. Каза болгондордун арасында үч аял бар.

"Көз жумгандар Алматы, Шымкент шаарларынын жана Түркестан менен Алматы облусунун тургундары болушкан. Алдын ала маалымат боюнча Lada автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, Toyota Camry менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.

Экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Окуянын чоо-жайын иликтөө полициянын өзгөчө көзөмөлүнө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0